ПРОФСОЮЗДАР ТАТЫКТУУ ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮК ҮЧҮН КҮРӨШӨТ.

08.10.2023

 Кыргызстан профсоюздар федерациясы  Бүткүл дүйнөлүк “Татыктуу эмгек үчүн” күнүнө арналган Ачык эшик күнүнуюштуруп олтурат. Бул күнү федерациянынюристтери, техникалык коопсуздукту сактоож.б. жооптуу кызматкерлери эмгек акы жанапенсия төлөмдөрү, мыйзамсыз иштенбошотуу, жашы жете элек балдардын ишкетартылышы ж.б. көйгөйлөр боюнчакайрылган жарандардын суроолоруна жоопберишет.

Дүйнөдөгү бардык профсоюз уюмдары жылсайын 7-октябрда эмгекчилердинкөйгөйлөрүнө көңүл буруу үчүн массалыкакцияларды жана башка иш-чаралардыөткөрүп келет. Татыктуу эмгек үчүн Бүткүлдүйнөлүк күнүн өткөрүү салты 2007-жылы профсоюздардын эл аралыкконференциясынын генералдык кеңешининIII отурумунун жыйынтыгында кабылалынган.

Биз формалдуу эмес иш жүргүзүүдөнформалдуу иштөөгө өтүшүбүз зарыл

Учурда Кыргызстанда жумушчулардынэмгегине жараша татыктуу кам көрбөгөн, формалдуу эмес секторлор басымдуулуккылат. Ошол чөйрөдө адам укуктарысакталбай, коопсуздук чаралары көрүлбөй, көпчүлүк эмгекчилер жабыркап келишет. 

“Татыктуу эмгек үчүн” Эл аралык күнүнбыйыл биз 16-жылы белгилеп жатабыз. Булкүнү биздин федерациянын адистеринентышкары, Социалдык фонддун, Улуттукстатистика комитетинин,  КыргызРеспубликасынын эмгек, социалдыккамсыздоо жана миграция министрлигинекараштуу эмгек мыйзамдарын контролдоожана көзөмөлдөө боюнча кызматы ж.б. мекеме-уюмдардын адистери келгенадамдарга эмгек, пенсия төлөмдөрү, ишорундарындагы коопсуздук сыяктуукөптөгөн орчундуу маселелер боюнчакеңештерди беришет. Дагы бир белгилейкетчү жагдай, быйыл БУУнун Адам укуктары жөнүндө декларацияны кабылалганына туура 75 жыл болду.

Адам укуктары демекчи, негизи эле бизгежарандар күн сайын укук маселелеринетиешелүү көптөгөн суроолор боюнчакайрылып турушат.  Бул жакшы көрүнүшдеп ойлойм, себеби, адамдар өздөрүнүнукуктарын билиши жана сакташы керек. Булбагытта профсоюз уюмдары алардынжакындан жардам берүүчүсү жанакеңешчиси катары кызмат көрсөтөт. Алсак, маселен, ачык иштеген мекеме-уюмдардамаселе дээрлик жок, а бирок формалдуу эмессектордо көйгөйлөр көп. Аларда Эмгеккодекси иштебейт, соцфондго төлөмдөртөлөнбөйт, эмгек өргүүсүндө, аялдардындекретке чыгуу учурларына тиешелүүмыйзам сакталбайт. Ал эми курулуштармагындагы коопсуздук кызматтарыөзүнчө тема. Иштеп жатканда бөөдөкырсыкка кабылгандардын укугу корголбой, канчалаган адамдар жабыркашат. Ушундайжооптуу учурларда адамдар өздөрүсабаттуулугун көрсөтүп, талап кое билишсе, андай көйгөйлөрдү жашырбай ачыккөрсөтүшсө, бизге иштегенге кыйла жеңилболмок. Формалдуу эмес иштеген сектордутап-такыр жоюу кыйын, бирок аны азайтуугажалпылап аракеттенишибиз керек.

Эмгекке тарбиялоо менен балдар эмгегинчаташтырбоо кажет

Эмгек укуктарын сактоо маселесинде балдардын эмгеги эң эле көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Балдардын эмгеги боюнча Эл аралык эмгек уюмунун долбоору 17жылдан бери иштейт. Ал долбоордун алкагында балдарды мыйзамсыз иштетүү маселесине тиешелүү ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет. Көпчүлүгү балдарды эмгекке тарбиялоо менен балдардын эмгегин чаташтырып алышат. Сабактан тышкары, үйдөгү майда-чүйдө иштерге баланы жумшоо менен, жашы жете элек балдарды түрдүү чарба иштеринде, базарларда иштетүүнүн айырмасы асман менен жердей.

Балдарды эмгекке тарбиялоо менен балдардын эмгегин алмаштырбоо керек. Чоң-чоң шаарлардагы базарларда араба сүйрөгөн, бут кийим тазалаган ж.б. майда иштер менен алектенип, мектепке барбай жүргөн балдар бар. Жашы жете элек балдарайылдарда деле талаа жумуштарынатартылышат. Мисал катары келтирсек, 100 баланы алганда, анын 80 баласы сабаккабарбайт. Натыйжада 10-15 жаштагы балдарэлементардуу жаза албайт. Бул өтө чоңкөйгөй. Аны үч тараптуу: коом, өкмөттүкдеңгээлде анан ата-энелердин катышуусундачечүү талап кылынат. Мыйзамсыз иштөөдөнкөбүнчө азыр ата-энелери миграциядажүргөн балдар, толук эмес үй-бүлөдөгүбалдар жабыркашат.

Казакбаев Жеңишбек Шарипбаевич

06.10.2023 ж.