Пенсия жана социалдык камсыздандыруу

15.09.2023

Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынын 2023-жылдын  14-сентябрында Борбордук жана Республикалык  комитеттеринин кесиптик бирлик активдерине, баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарына пенсия менен камсыз кылуу жана жарандарды социалдык камсыздандыруу боюнча окуу семинар уюштурулду. Семинар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун окуу борборунун башкы адис Оморова Эльвира Алиевна, башкыадис Чынтемирова Атыр Закировна, жетекчөөчү адис Байсынова Асел Зарыпбековналардын катышуусу менен өткөрүлдү.

Окуу семинарды Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын орун басары Арстанбеков Омор Алымбекович ачып берди. Социалдык фондунун окуу борборунун башкы адиси Оморова Э. А. “Кыргыз Республикасындагы пенсиялык системасы”-деген темада анын ичинен   Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, бөлүштүрүүчү-тилектештик пенсиялык система, пенсияга чыгуу жана эсептөө боюнча, мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд, эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо жөнүндө слайд аркылуу ар бир темага кылдат токтолуу менен семинарды өткөрдү.

Семинардын жыйынтыгында кесиптик бирликтердин өкүлдөрүнөн көптөгөн суроолор берилди. Суроолорго Социалдык фондунун окуу борборунун адистеринен канаттандыраалык жооп алышты.