Кыргызстан профсоюздар Федерациясы cиздерди социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлер  күнү менен куттуктайт!

20.10.2023

Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери!

         Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлер  күнү менен чын дилимден  куттуктаймын!

Ошону менен бирге майрамга улай кош келген  Кыргыз Республикасынын   социалдык фондунун 30 жылдык  мааракесин жана Кыргыз Республикасынын  эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция кызматкерлерин  кесиптик майрамыздар кут болсун. 

  Бүгүнкү күндө профсоюздар эмгекчилердин  укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, аларга ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү,  эмгекке акы төлөө шарттарында жана техникалык эмгек коопсуздугун сактоодо,  социалдык туруктуулукту сактоо боюнча мыйзамдуу иштерди аткарып келаткан коомдук уюм катары саналат.

Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы 2022-жылдын           6-апрелиндеги  XXV съездин өткөрүү менен жалпы эле профсоюздарга карата пайда болгон өткөн жылдардыгы терс пикирлерди жоюу аракеттери көрүлүп жатат.    

Бүгүнкү күндө Федерациянын курамына кирген тармактык профсоюздар, облустук Кенештердеги  мүчөлөрөрүбүздүн мыйзамдуу укуктарын жана турмуштук кызыкчылыктарын коргоону татыктуу жүзөгө ашыруу менен социалдык –эмгектик мамлилерер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын коомдук көзөөмөлдөөгө, бул жагдайдагы иштерди андан ары өркүндөтүүгө, социалдык өнөктөштүктүн механизимдерин чыңдоого эң активдүү катышып, эмгекчилердин жашоо-тиртичилигинин деңгээлин реалдуу жакшыртууга, жумушчу орундарында коопсуздук эрежесин сактоо маселерин чечүүгө алгылыктуу иштерди көрүп келе жатабыз.   

Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы баардык деңгээлдеги социалдык өнөктөштөр менен иш алып барууда.  

2022-2024-жылдарга карата Башкы макулдашууга,              2022-жылдын апрелинде,  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмеси менен  социалдык   өнөктөштөр ортосунда кол коюлган.  .

 2022-жылдын 29-апрелинде Кыргызстан профсоюздар Федерация жана  Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ортосундагы эмгек тууралуу мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча коомдук көзөмөл жана мамлекеттик коргоо жүргүзүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюган.

Азыркы мезгилде Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эл аралык уюмдар жана профсоюздук борборлор менен эл аралык денгээлде сапаттуу жаңы баскычтагы  кызматташуусу белгиленүүдө: Бириккен Улуттар Уюму, Европа биримдиги, Эмгекчилердин эл аралык уюму,   профсоюздардын эл аралык Конфедерациясы жана профсоюздардын башка эл аралык уюмдары.

         Алар менен бирдикте   конференциялар жана семинарлар,  эл аралык денгээлде жүрүүдө.

         Кыргызстан профсоюздар Федерациясы,  Орто Азия мамлекеттеринин профсоюздарынын Кенешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды жана тажрыйба алмашуу боюнча делегациялар уюштуруулган.

Жана ошондой эле Эмгек кодексинде жаңы долбоор боюнча эмгекти коргоо жөнүндөгү, профессионалдык бирикмелер жөнүндөгү, минималдык эмгек акы жөнүндөгү ж.б. профилдик мыйзамдардын долбоорлорунун үстүндө жүргүзүлүп жаткан иштерге катышууда.

 Эң негизгиси, бүгүнкү күндө профсоюздардын өз ишмердигини замандын талабына жараша жүргүзүп келе жатат десек жаңылбайбыз.

  Биздин жалпы максатыбыз — эмгекчилердин татыктуу жашоосу жана өлкөнүн стабилдүүлүгү.

Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери!

Сиздерге  бакубат турмуш, узун өмүр, бекем ден-соолук  жана   эл жүгүн аркалаган татаал жана түйшүктүү иштериңиздерге  ийгиликтердин  жаралышына  тилектешмин!

Кыргызстан профсоюздар

Федерациясынын төрагасы                                             Э.Ш. Кызаев