«Кыргызкурорттуризм башкармалыгында бүгүнкү күндө жаңылануу иш чаралары башталууда

17.03.2023

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын алдындагы «Кыргызкурорттуризм башкармалыгында бүгүнкү күндө жаңылануу иш чаралары башталууда.

Алып айтсак санаторий, эс алуу үйлөрүнүн жана пансионаттардын жетекчилери бир орунда көптөгөн жылдан бери жетекчилик кызматта иштеп келүүдө, «Ысык-Ата» санаториясынын жетекчисин кызматтан алыш, ордуна жаш кадр менен алмаштырылды. Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» жана «Чолпон-Ата» эс алуу үйлөрүнүн жетекчилери кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчилер дайындалды. 

Башкармалыкка караштуу санаторий, эс алуу үйлөрү жана пансионаттардын жетекчилерине кардарларды эс алдырууда бүгүнкү күндүн талабына ылайык ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге дарылоо процедураларын жакшыртуу боюнча тапшырма берилди. Башкармалыктын адистерине көзөмөлгө алуу боюнча милдеттендирилди