Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү!

18.10.2023

КЫМБАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!

Кесиптик майрамыныздар – КыргызРеспубликасынын социалдык коргоо жанапрофсоюз кызматкерлеринин күнү мененкуттуктайм!

Профсоюздун кызматкери болуу –  жүрөгү таза, ак пейил, кайдигер эмес адамдардын кесиби. Сиздердин эмгегиниздер эң керек  жана маанилүү. Сиздер эмгекчилдин, иштермандардын эртеңки үмүтүнө ишеним берүү менен турмуштук кыйынчылыктарга туруштук берүүсүнө жардам көрсөтөсүздөр. Эң башкы нерсе – эмгекчилчиладамдардын мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыктарын жактайсыздар. Социалдык өнөктөштүк менен бирдикте, жумуш орундарын сактоо маселелерин чечүү, эмгек мыйзамдарынын, эмгекти коргоо жана коопсуздук мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө, жумушчулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эс алуусун уюштуруу боюнча максаттуу иш алып баруудасыздар.

Элдин жашоосундагы мамлекетке болгон ишеними, коомдогу социалдык акыйкаттуулук жана туруктуулук көп учурда Сиздердин эмгегинизден көз каранды. Сиздер аткарып жаткан миссия  терен урматтоого татыктуу. 

Биздин коомубуз үчүн оор, бирок ушунчалык зарыл эмгегиңиздер үчүн, профсоюздун ишинеберилгендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдиремин.

Сиздерге чын дилимден бекем ден соолук, түгөнгүс чыгармачылык потенциал, профсоюздук  биримдик, өзүңүздөргө жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, бакубатчылык, бейпилдик жана кубаныч, ошондой эле жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. 

Ынтымак, биримдик жана адилеттүүлүкпринциптерине бекем болгууңуздарга тилектешмин!

Сиздерди урматтоо менен,

Кыргызстан профсоюздар  

Федерациясынын төрагасы​​​​​ Э. Ш. Кызаев