«Эмгектеги аялдардын тең укуктуулугу” боюнча семинар 

17.07.2023

«Эмгектеги аялдардын тең укуктуулугу” боюнча семинар

13-14 июлда 2023-ж Бишкек шаарында «Эмгектеги аялдардын тең укуктуулугу” кампаниясынын алкагындагы семинар болуп өттү.

Долбоор курулуш жумушчулар жана өнөр жай курулуш материалдарынын кесиптик бирлигинин республикалык комитети жана “ Эмгек демилгелердин колдоо фонду” коомдук фонду Фредрих Эберт фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирдикте ишке ашырылды.

Семинарды Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын орун басары, ФПКнын аялдар тармагынын төрайымы Рысгуль Бабаева жана “Куруучу” кесиптик бирликгинин РКнын төрагасы Элдияр Карачалов сөз сүйлөп ачышты.

Рысгуль Белековна өз сөзүндө азыркы учурдагы КПФсына карата айтылып жаткан коомдогу көз караштар, туура эмес сын-пикирлер жана кече жакында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сындоолор тууралуу түшүндүрүү иштерди жүргүздү, ошону менен катар эле аялдардын коомдогу орду жана келечектеги кыргыз аялдарынын билимдүү, ар тараптан өнүккөн инсан жана үй-бүлөдө эненин ролу чон экенин баса белгилеп айтып өттү.

Бул семинарда кесиптик бирлик активисттери жана баштапкы кесиптик уюмдардарынын төрайымдары жана мүчөлөрү катышты.

Гендердик теңсиздикти жоюу боюнча кампанияны баштоо аркылуу, аялдардын жумуш ордунда кызыкчылыктарын илгерилетүү, аялдардын жумушта дуушар болгон көйгөйлөрү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүктүн бардык деңгээлинде бирдей мүмкүнчүлүк жана адилет мамиле үчүн шарттарды түзүү боюнча кеңири эки күндүк семинарды профессионалдык кесиптик бирлик тренер, эмгек мамилелери боюнча консультант Эдуард Вохмин жана “Куруучу” кесиптик бирлик РКнын маалыматтык маселелери боюнча кеңешчиси Асель Сартпаева алып барды.

Эмгекте гендердик теңчиликти орнотууда мамлекеттик жана коомдук уюмдардын коллективдүү күч аракеттери, гендердик теңсиздик типтүү кырдаалдар аркылуу жеңүүнүн стратегиялары жана тактикасы, алгоритимдерди жана пландарын иштеп чыгуу боюнча практикалык иштер менен коштолгон кызыктуу жана жемиштүү семинар болду.

Гендердик теңсиздикке карай кадамдарды координациялоо үчүн жумушчу аялдардын мындан ары өз ара арекеттерин кандай болуш керек деген талкуулоо аркылуу жыйынтыкталды.

ЭСЭЖК бөлүм башчысы: Г.Касымалиева