«Эмгектеги аялдардын тең укуктуулугу” боюнча семинар

25.07.2023

«Эмгектеги аялдардын тең укуктуулугу” боюнча семинар
“Куруучулар” профсоюзунун республикалык комитетинин демилгеси менен Фридрих Эберт атындагы фондунун өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 2023-жылдын 3-июлунан 21-июлга чейинки аралыкта Кыргызстан боюнча 6 аймактарды кыдырып «Эмгектеги аялдардын тең укуктуулугу” боюнча семинар өткөрүлдү.
2023-жылдын 20-21- июлда Ош шаарында Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын орун басары, ФПКнын аялдар тармагынын төрайымы Рысгуль Бабаева жана профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин төрагасы Толкун Тажиев, облустук тармактар менен жолугушуу болду. Жолгушууда КПФсына карата айтылып жаткан коомдогу көз караштар, туура эмес сын-пикирлер жана кече жакында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сындоолор тууралуу түшүндүрүү иштерди жүргүзүү жана профсоюздун ишмердүүлүгүнө баса белгилөө менен алдыдагы пландар, статегиялары тууралуу талкуу жүрдү. Андан соң «Эмгектеги аялдардын тең укуктуулугу” боюнча семинарга Рысгуль Бабаева катышты.
«Эмгектеги аялдардын тең укуктуулугу” боюнча семинарды “Куруучу” профсоюзунун РКнин төрагасы Элдияр Карачалов жана анын командасы Асель Сартпаева, Эдуард Вохмин алып барды.
Семинарга профсоюздардын Ош облкеңештеринин, комитеттеринин төрайымдары, кесиптик бирлик активисттери жана баштапкы кесиптик уюмдардарынын төрайымдары жана мүчөлөрү катышты. Гендердик теңсиздикти жоюу боюнча кампанияны баштоо аркылуу, аялдардын жумуш ордунда кызыкчылыктарын илгерилетүү, аялдардын жумушта дуушар болгон көйгөйлөрү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүктүн бардык деңгээлинде бирдей мүмкүнчүлүк жана адилет мамиле үчүн шарттарды түзүү боюнча кеңири эки күндүк жыйынтыктоочу семинар болду.
Жалпы алты облустагы өтүлгөн семинардын жыйынтыгы боюнча ар бир облустан эң активдүү 2 кишиден тандап алып, 2023-жылдын октябрында жыйынтыктоочу семинар өткөрүүлө турганы белгиленди.

  ЭСЭЖК бөлүм башчысы:                            Г.Касымалиева
  Атк. Рыскулова К., тел. 62-56-47