Аялдарга жана кыздарга карата зорду-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иш алып барууга багытталган улуттук иш чара өткөрүлдү.

27.11.2023


2023- жылдын 24- ноябрында  Бишкек шаарында Өкмөт, жарандык коомдун уюмдары, эл аралык уюмдар, жеке секторлор, эл аралык каржы институттар, профсоюздар жана кампаниянын баардык тармактардагы кызыкдар тараптары бириктирилип, аялдарга жана кыздарга карата зорду-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иш алып барууга багытталган улуттук иш чара өткөрүлдү.

Кампания тарабынын аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк баштады. Ал  25-ноябрдан  Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнөн баштап,              10-декабрда Адам укуктарын коргоо эл аралык күнүндө аяктарын белгиледи. Ар жыл сайын кампаниянын темасы өзгөрүп турат, быйылкы тема “ Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү” деп аталды. Кампания  максаттары менен тааныштырды.

Кампаниянын максаттары :

1. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу боюнча санариптик чечимдерге инвестициялоо аркылуу аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен позицияны алуу үчун өкмөттөн, БУУнан , эл аралык финансылык институттардан, эл аралык уюмдардан, жеке жана жарандык секторлордон негизги өнөктөштөрдү чогултуу жана киришүү жана 16 күндүк кампанияны баштоо;

2. Ар кандай деңгээлде , ар кандай секторлордо аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча милдеттенмелер, мыкты тажрыйбалар, салынган игвестициялар жана финансылык мүмкунчүлүк боюнча тажрыйбаларды  бөлүшүү жана бири-бирибизден үйрөнүү;

3. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу боюнча иштеген жарандык коом уюмдарын колдоо үчүн мамлекттин, жеке сектордун, эл аралык каржы инситуттарынын жана башкалардын көбүрөөк колдоосуна, кызматташуусуна жана туруктуу инвестицияларына чакыруу жана мамилелерди түзүү;

4. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу боюнча мыкты санариптик чечимдерди колдоо үчүн каражат чогултуу кампаниясын баштоо, гендердик теңчиликке жана аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу багытталган санариптик трансформациялык чечимдердин комплекстүү каталогун түзүү.

5. Гендердик маалымат порталын ишке киргизүү жана Гендердик теңчилик боюнча өлкөнүн профилин ишке киргизүү жөнүндө маалымат берүү.

   Кыргызстан профсоюздар Федерациясыны орун басары Бабаева Рысгуль Белековна улуттук иш -чарага  катышты.