31-август Эгемендүүлүк күнү!

31.08.2023

Кымбаттуу кесиптештер !

Сиздерди Кыргыз Республикасынын 31- август Эгемендүүлүк күнү жалпы улуттук башкы майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм ! 

Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларациянын кабыл алынганына быйыл 32 -жылдын жүзү толуп отурат. Ошол күндөн баштап  Кыргыз элинин жаңы тарых баракчасы ачылып,кыргыз элинин көзкарандысыздыгы жарыяланды, кыргыз мамлекети өзгөчө маанилүү жаңы багытка түшүү жолуна мүмкүнчүлүк алган күн.

Эгемендүүлүк алган күндөн тартып Кыргызстан профсоюздар Федерациясыэмгекчилердин социалдык-экономикалык,эмгек  жана мыйзам укуктарын коргоомилдеттерин аткаруудабыз.

Ылайым эгемендүүлүгүбүз элибизге кут болуп, элде-жерде береке болсун, өлкөбүздө бекем тынчтык орноп, калкыбыздын жашоосу бакубат болсун. Мамлекетибиздин бүтүндүгү, гүлдөп өнүгүшү жана саясий туруктуулугу үчүн ар бирибиз  намыстуулук, ак ниеттүүлүк менен эмгектенип, өлкөбүзгө татыктуу салымыбызды кошолу.Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбызыйык сактайлы !

Сиздерге жана үй бүлөнүздөргө бекем ден соолук, чексиз бакыт жана ишиңиздерге албан-албан  ийгиликтерди, тынчтык, бейпилдик, береке ырыскыны  каалайм.

Кыргызстан профсоюздар                                                     Федерациясынын төрагасы                                     Э.Ш. Кызаев