Жаңы 2023 жылга куттуктоо

31.12.2022

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!
2023-жылга биз Эмгек адамынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Республикабыздын өнүгүүсү жана гүлдөп өсүшү үчүн жакшы ниет жана тилектер, бийик максаттар менен кирип жатабыз!
Жаңы жыл баардык кыйынчылыктарды артта калтырып, биз үчүн жаңы ийгиликтердин эшигин ачсын!
Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, чексиз бакыт жана бардык иштериңиздерге ийгиликтерди каалайм!
Үй-бүлөңүздөргө тынчтык, ырыскы жана береке!
 

Терең урматтоо менен,
Кыргызстан профсоюздар
Федерациясынын төрагасы
Э.Ш.Кызаев