fpk.kg

Login

Минсоцразвития и профсоюзы намерены совместно искоренить детский труд

Состоялось подписание меморандума о сотрудничестве между Министерством социального развития КР и общественным фондом «Альянс по защите прав детей», соучредителем которого является Центральный комитет профсоюза работников агропромышленного комплекса и муниципальных служащих сельского хозяйства Кыргызской Республики.

Меморандум подписали министр социального развития Кудайберген Базарбаев и председатель Центрального комитета профсоюза работников агропромышленного комплекса и муниципальных служащих сельского хозяйства, председатель общественного фонда «Альянс по защите прав детей» Жээнбек Осмоналиев.

В рамках меморандума достигнута договоренность об усилении взаимного сотрудничества по вопросам прав детей, в том числе по искоренению детского труда. Общественный фонд взял на себя обязательства по обеспечению необходимым оборудованием и мебелью создаваемого Центра  «Телефон доверия для детей» при Министерстве социального развития.

Обновлено 28.09.2015 04:55

Просмотров: 834

Работники ЗАО «ТК Гео Резерв» вот уже четыре месяца не получают заработную плату.

          С требованием погасить задолженность по зарплате за период с января по апрель 2017 г., обеспечить спецодеждой и заключить трудовые договора на неопределенный срок выступили работники данного предприятия на стихийном митинге, который состоялся в с. Ак-Тюз Кеминского района 23 мая 2017 г.

Однако генеральный директор ЗАО Черемисин В.В. ответил работникам невозможностью исполнения требований, ссылаясь на отсутствие финансовых средств.

          Ранее представители трудового коллектива, юристы Центрального комитета Горно-металлургического профсоюза Кыргызстана неоднократно проводили переговоры с руководством предприятия, однако они не привели к положительным результатам.

Как отметил председатель профкома предприятия Догдурбек Майчиев «На митинге работники приняли решение выехать в понедельник 29 мая в Бишкек в офис Компании и потребовать погашения задолженности. Однако 26 мая т.г. в здании районной администрации состоялось рабочее заседание с участием главы района, представителей МВД, ГКНБ, других госорганов, представителей трудового коллектива. На мероприятии сотрудникам было обещано разобраться в данном вопросе в срок до 2 июня, мы убедили людей подождать еще». «Но если до пятницы задолженность не погасят, то более 100 человек выедут в Бишкек 5 июня и начнут бессрочный митинг у здания офиса Компании» - заключил Майчиев Д..

          Невыплата зарплаты является грубейшим нарушением ст. 157 Трудового Кодекса Кыргызской Республики и Закона КР «Об обеспечении своевременности выдачи заработной платы, пенсий, пособий и иных социальных выплат» от 26 июня 1996 года за № 23. Отсутствие средств не является основанием для невыплаты зарплаты согласно трудовому законодательству Кыргызстана.

         Правовая инспекция ЦК ГМПК выдала руководству предприятия предписание с требованием устранения нарушений трудового законодательства Кыргызстана. В случае неисполнения требований будет поднят вопрос о привлечении  руководителей к дисциплинарной, административной или уголовной ответственности.

          Для справки. ЗАО «ТК Резерв» занимается переработкой и обогащением золотосодержащей руды с месторождения «Куранды-Жайлоо» на горно-обогатительной фабрике, расположенной в с. Ак-Тюз. Учредителем данной Компании является ОсОО «БОРАТЕРО ТРЕЙДИНГ ЛИМИТЕД/BORATERO TRADING LIMITED» - иностранная компания, зарегистрированная на Кипре.

Обновлено 30.05.2017 09:08

Просмотров: 851

5 марта ЦК профсоюза работников государственных, муниципальных учреждений и общественного обслуживания поздравили работников судейской системы с профессиональным праздником - Днем работников судейской системы.

 

5 марта ЦК профсоюза работников государственных, муниципальных учреждений и общественного обслуживания поздравили работников судейской системы с профессиональным праздником - Днем работников судейской системы.

Представители ЦК профсоюза работников государственных, муниципальных учреждений и общественного обслуживания убеждены в том, что судьи избраны на высокую государственную должность путем открытого конкурсного отбора, и сегодня Верховный суд Кыргызской Республики проводит многогранную и целенаправленную работу по повышению уровня и авторитета судейской системы, обеспечению справедливого и беспристрастного судейства.

Ранее принятое совместное Соглашение между ЦК профсоюза и Верховным судом Кыргызской Республики мы являемся стратегическими партнерами, которое приобретает особую значимость в Год государственности, провозглашенный Президентом Кыргызской Республики. За период после 2010 года успешно приняты необходимые нормативно-правовые акты, направленные на реформирование и совершенствование  работы судебной системы. Успешно осуществляется работа по выполнению Государственной целевой программы «Развитие судебной системы в Кыргызской Республике на 2013 -2017 годы», разработанной по реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 8 августа 2012 года № 147. Проводимая работа и результаты деятельности судейской системы являются в определенной степени основой для стабильности в нашем обществе.

ЦК профсоюза, в практической работе участвуя в судебных процессах по защите интересов профсоюзного актива и работников отрасли каждый раз убеждается в высокой компетентности и профессионализме судей, справедливом и беспристрастном судействе. Только за последние 3 года Советом судей Кыргызской Республики  в установленном порядке рассмотрено 81 представлений органов прокуратуры и ГКНБ о даче согласия на привлечение к уголовной ответственности и привлечения к дисциплинарной ответственности.         В текущем году заканчивается срок действия совместного Соглашения и мы уверены, что новое Соглашение ЦК профсоюза и ВС Кыргызской Республики  по настоящему станет важным документом в дальнейшем укреплении сотрудничества и активизации совместной работы, сохранении единства и сплоченности.        

Обновлено 06.03.2014 14:55

Просмотров: 907

С Днем геолога

Обновлено 31.03.2017 18:29

Просмотров: 928

Профсоюз – бул элдин эмгек кызыкчылыгын түздөн-түз коргоочу уюм


Советтик доордон бери, Кыргыз жергесинин калкы айыл-чарба менен тыгыз байланышта болуп, анын экономикасынын өнүгүшүнө зор салымын кошуп келе жатышат. Бүгүнкү күндө айыл-чарбасы болбосо, бир мезгилдерде атагы алыска жеткен кыргыз завод-фабрикалары жокко учурагандан кийин, аймактарда мал менен талаадан башка иш деле жоктой көрүнөт. Ар бир эле адам, алыскы Оруссияга, же андан ары Батыш өлкөлөрүнө баралбайт экен, айылда жерди иштетип, мал курап, ошону менен оокат кылган замандаштарыбыз калкыбыздын салымдуу бөлүгү. Бул албетте абдан жакшы көрүнүш. Бирок ошону менен бирге, айыл-чарба тармагында эмгектенген баардык адамдардын малы, же жери бар эмес, айрымдарында андай да жок, алар эмне кылып турмуш кылышат? Көпчүлүгү, жалданма жумуштарда эмгектенип, жаӊы шарттарда «фермердик» менен иш кылган ишкерлердин колунда. Тилеке каршы, баардык жерде эле, айыл-чарба кызматкерлерине адилетүү мамиле кылышпайт, жалданма жумушчу болгондуктан иш берүүчү тарап менен түшүнбөстүктөр жок эмес, карапайым калк көп учурда коргоосуз калып, кимге кайрылаарын билбей турганда, айыл-чарба кызматкерлеринин тармактык профсоюзу укуктук жардам берип жана кайрылган адамдарды толук коргоого алып кызмат кылып келүүдө.

Биздин редакция ушул санда, республикабыздагы бирден-бир болгон айыл-чарба кызматкерлеринин тармактык профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы, жалпы эле Кыргызстандагы профсоюздар арасындагы эӊ жаш (35 жаш) ишмерлердин бири, Жээнбек Осмоналиев менен айыл-чарба профсоюзу жөнүндө маектешкенди туура көрдү.

- Жээнбек Чыныбекович алгачкы суроону бугүнкү кундөгү айыл-чарба кызматкерлеринин профсоюзунун акыбалы боюнча баштасак.

Жетекчилик милдетти жана чон жоопкерчиликти биздин тармактык профсоюздун күжүрмөн мүчөлөрү жана баштапкы уюмдардын төрагалары мага жүктөгөндөн кийин, менин орун басарларым менен чогуу элдин бугункү профсоюзга болгон мамилесин, маанайын билиш үчүн, профсоюз менен элдин ортосундагы карым катнашты билүү, байкоо үчүн, айыл жергесиндеги абалды көрүү үчүн, өлкөбүздүн 7 дубанын кыдырып келдик. Жыйынтыгында, элдин профсоюзга болгон түшүнүгү илгерки советтик кездегидей боюнча калгандыгын байкадык. «Профсоюз азыр деле барбы» деп, таңкалгандар деле болбой койгон жок. Жаштардын көбу болсо билбейт экен.

Ошондо профсоюздук жумушту жалпы, калк арасында жандандырыш керек экендигин туюп, профсоюз бул элдин эмгек кызыкчылыгын түздөн-түз коргой турчу уюм экендигин элге жеткирүү учүн, алдыбызга максат коюп, план иштеп чыкканбыз. Жылдан-жылга профсоюз мучөлөрунун саны азайып бара жатат эмне себептен, канткенде биз кайра кучтөнөбүз, анализдеп, пленумда талкууга алып бир топ чечимдерди кабыл алдык. 3 кундүк кеӊешмеде, баарыбыз чогулуп, өзүбуздүн беш жылдык стратегиябызды белгилеп алганбыз. Негизги багыттарыбыздын бири: жаштардын арасында профсоюз жөнүндө маалыматты таратуу менен бирге, профсоюзга жаштарды тартуу максатын коюп эки семинар өткөрдүк. Түндүк жергесинде, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй областтарында жана Туштүк жергесинде -- Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында биздин баштапкы уюмдарда иштеген жаштарды чогултуп профсоюз эмне экендигин, кандай максатты көздөйт деген сыяктуу түшүндүрмөлөрдү бердик. Азыркы учурдагы, жазга чейин деп коюлган максатыбыз; эки семинардын жыйынтыгы боюнча өзүнүн активдуүлүгүн көрсөткөн жаштарды чогултуп, Республикалык деңгээлде форум өткөрүү. Профсоюздун жаштар кеӊеши деп тузүлгөн топту, жандуу орган катары иштетели деген ниет бар.

- Акыркы учурларда жалпы эле эл-аралык тажырыйбада профсоюздун саны кыскарып аткан көрүнүш бар, ошол эле кезде Кыргызстандагы профсоюздарга да жалпы тенденция таасирин тийгизди. Ошол процесстерге байланыштуу кандай иштерди жүргүзүп атасыӊар ?

1985 жылы 600 миңден ашык мүчөлөрүбүз бар эле, бугүнкү күндө болсо 80 миңдин эле тегерегине түшүп, кескин түрдө азайып кеткен. Анализ кылып көрсөк 90 жылда агрардык жер реформасы жүргөндө, колхоз, совхоздорду майдалап бытыранды кылып, жеке үй-бүлөлүк дыйканчарбаларды түзуп, баардык айыл чарба мүлкү таратылып салынган, ошол учурда профсоюз мүчөлөрдун саны кескин кыскарып кеткен. Профсоюздун коомдогу орду бул жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы адвокат, ортомчу катары иштей турган уюм эмеспи. Айтылган реформадан кийин, профсоюз түшунүксүз акыбалга дуушар болгон. Ошол учурда, жеке дыйкан чарбалар профсоюздан баш тартып чыгып кетишкен. Турмуш көрсөткөндөй алган мулктү, туура пайдаланып сактап кайра көбөйткөндөр бугүнку күндө айыл жергесинде байып чоң фермерлерге айланып кете алышкан. Тескерисинче, рынок мамилелерин түшүнбөгөн, айыл жергесинде жашаса дагы, дыйканчылык, фермердик иш жөнүндө маалыматы жок болгон жарандарыбыз мүлкүн сактап кала алган эмес.

Малын, жерин, сарайын сатып, айыл жергесинде жумуш жок деген шылтоо менен эмгекке жарандуу калктын көбү мигрант болуп кетип калышты. Бүгүнкү күндө айыл жергесинде чоң ажырым пайда болду - бай менен кедей деп. Байлардын чарбасы кеңейип, жумушчу жок болгондон соң өзүнүн айылдаштарын жалдап иштетип атат, бирок ошондой учурларда, эмгек мамилелерин көзөмөлдөй турчу эмгек келишими түзүлгөн эмес. Формалдуу эмес экономика кулачын жайып жатат. Азыр, Кыргызстанда «кулчулуктун» өзүнчө бир жаӊы формасы түзүлүп атат, ушул жерде профсоюз өзунүн активдүүлүн көрсөтүш керек. Демек, иш берүучүнүн жана жумушчунун ортосундагы мамилени формалдуу түргө алып келүу, эмгек келишимин түзүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыкты . Мындай көрунүштүн баардыгы, жалданып аткан жумушчу өзүнүн укугун билбегендигин түшүндурүп турат. Ушул көрүнүштөрдү жөнгө салуу үчүн, формалдуу эмес экономиканын терс кесепеттеринен арылыш үчүн, формализация кылыш керек. Бул, бүгүнкү күндө чоң багыттарыбыздын бири. Ушунун негизинде, биз, январь айында эл-аралык уюмунун жардамы менен чоң семинар өткөргөнү жатабыз. Ал республиканын жети областынан өкүлдөрдү чакырып, конкреттүү иш-чараларды белгилөө. Айыл чарбасындагы формалдуу эмес сектордо эмгектенген жумушчулардын аныктап, жергиликтуу өзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз иштешип, андай жумушчуларды тизмеге алуу, деген сыяктуу кадамдарды белгилеп алып, комплекстүү иш-чараны жүргүзөлү деп турган учур.

Формалдуу эмес экономика, бүт дүйнө жүзүндө олуттуу проблемалардын бири болуп эсептелинет. Анткени, мындай көрүнүштөн улам канчалаган адамдардын турмушу, келечеги, өмүрү белгисиз болуп турат. Мен ишенем, баардыгы сөзсуз ишке ашат. Айыл-чарба министрлиги менен эки тараптуу келишим түзгөнбүз, ал келишимде формалдуу эмес экономикада эмгектенген айыл-чарба кызматкерлериинин мамилелерин жөнгө салуу боюнча пункту бар, демек министрлик менен тыгыз байланышта иштешип, бул пунктуларды ишке ашырыбыз абзел. Кыргызстанды, кризистен чыгаруунун бул дагы бирден бир жолу.

- Азыркы убакытта, Сиз жетектеп келе жаткан тармактык профсоюз, өлкөбүздүн баардык аймактарында өкүлчүлүктөрү барбы жана жогоруда белгилеген иш-чаралардан тышкары кандай иштерди алып бара жатасыӊар?

Республиканын алты облусында областтык комитеттерибиз бар, Чүй чөлкөмүндө, райондук комитеттерибиз борбордук комитетке түздөн тү бай ийет. Бирок, бүгүнкү күндө профсоюздук кадр маселеси бизди кыйнап турат. Өзгөчө алыскы райондордо профсоюз кадрларыбыз жок болуп кетти, анткени жаштардын профсоюзга болгон кызыгуусу такыр эле жок. Себеп, биздин жумуш түйшүктүу жумуш. Жаштарыбыз болсо оңой кызматтарда отурганды каалашат. Кээ бир алыскы жана жакынкы райондордо профсоюздук комиттерибиз жокко учурап кеткен эле, убакыт менен бара-бара аларды жандандырып жатабыз. Мисалы Аламүдүн районунда биздин профсоюздук комитет жок болуп кеткен. Улам жергиликтуу өзүн өзү башкаруу органдары менен суйлөшүп, кадрлады тандап атып, райондук комитетти түздук, ал жанданды жана жарым жылдын ичинде эле профсоюздук жаӊы 9 баштапкы уюм түзүлдү. Ѳткөн эки жыл ичиндеги эң чоң жетишкендиктерибиздин бири структурабызды жөндөп, кадрларыбызды толуктаганга жетиштик деп айтсам жаңылышпайм. Мисалы, Ѳзгөн, Кара-Суу, Токтогул, Чүй, Ысык-Ата, Бакай-Ата, Ак-Суу аттуу райондордо профсоюздук комиттетер иштерин жанданты.

Албетте кемчиликтер бар, бирок биз ал кемчиликтердин да үстүнөн иштеп жатабыз. Жер жердеги акимчиликтерге, областтык администрацияларга, айыл-чарбасында эмгектенгендердин акыбалы боюнча каттарды жөнөтүп атып, жогоркудагылардын көңулдөрүн бура алдык деп эсептейм.

Профсоюздардын ишмердигинин негизги багыттары бул анын мүчөлөрүнүн татыктуу, коопсуз жумуш орду менен камсыз болуусуна жана эмгек акы алуусуна көмөкчү болуусу. Бул багытта эмгек мыйзамдарынын сакталышына карата олутту көӊүл бурулуп, тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Мисалы, 2014-жылы Борбордук Комитеттин эмгекти коргоо бөлүмүнө эмгекчилердин эмгек убагында төлөбөй эе эмгек мыйзамдарын одно бузуп жумуштан бошоткондугу жана башка маселелер боюнча жүздөн ашуун кат кабрлар келип тушкон. Алардын көпчүлүгү жеринде текшерилип, тиешелүү жооптор берилди. Ал эми мыйзамсыз иштен четтетилгендер биздин жоролго менен иштери сот органдарында каралып, айрымдары сот чечимдери менен мурунку иштеген орундарына коюлушту.

- Эл арасында профсоюз эмгекчилердин эс алуусун уюштуруучу уюм катары кеӊири белгилүү. Бул жаатта дагы сиздин профсоюзда жумуш журуп жатабы?

Албетте. Бүгүнкү күндө биздин профсоюздун балансында турган 2 санаторий-профилакторий жана Ысык-Көлдүн жээгинде орун алган «Телтору» пансионаты, ошондой эле 11 балдардын эс алуу борборлору, айыл-чарба кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөсүнүн ден соолугун чыӊдап, толук кандуу иштеп жатышат. Андан тышкары, Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын карамагындагы баардык санаторий-курортторго, эс алуу жайларына, лагерлерге жолдомолор берилүүдө. Мисалы 2014-жылы биздин профсоюз аркылуу миӊден ашуун айыл чарба кызматкери санаторий курортторго, эс алуу жайларына акысыз жолдомо алса, бир жарым миӊден ашуун өспүрүм балдар лагерлерге барып ден соолуктарын чыӊдашты.

- Маек куруп бергениӊиз үчүн чоӊ рахмат!


Тимур Саралаев

Обновлено 23.01.2015 10:32

Просмотров: 2863