fpk.kg

Login

“Көгүлтүр Ысык-Көл” кучак жайып күтөт!

Кезегинде “Көгүлтүр Ысык-Көл” деген аты менен, бүт союзга таанымал болгон, азыр да атын жоготпой, улам жаңылануу, улам жакшыруу, заманбап деңгээлге жетүүгө багыт алган санаторийдин тарых-таржымалын  санжыралуу деп койсок болот. Бейиштин  бир бурчундай  болгон бул жерге ат арытып, жол карытып алыстан келгендер аз эмес. Өзгөчө  Россиядан, Казакстандан ден соолугуна шыпаа издеп келишет да, Ысык-Көлгө арбалып, кыргыз жеринин кооздугу элинин меймандостугу “багындырып”, кайра сагынып, самап келишет. Кудайга шүгүр, элибиз дагы акыркы жылдарда санаторий, курорттордо эс алуу эмне экенин билип, жер кезип, олчойгон акча коротпой эле сонун шарттар түзүлгөн  өзүбүздөгү дарылоо-эс алуу жайларын тандагандары жыл сайын арбып барат.

 “Көгүлтүр Ысык-Көл” Чолпон-Атанын баткак жана минералдык  сууларынын булактары оргуп чыккан жерде негизделип, 1965-жылы пайдаланууга берилген. Ошондон бери бир жылы кем жарым  кылымдын ичинде  жүз миңдеген  адамдарды оорусунан сакайтып, жеңилдетип, чөккөн көңүлдөн, баскан санаадан куткарбады дейсиң. Анын үстүнө, айтымда дал ушул «Көгүлтүр Ысык-Көл» турган жер миң ооруга дарылык бөтөнчө касиети бар. Адистер,  көл жээктеп текшерип  келишип, айрыкча кептөөр  жана  башка  дем алуу органдарынын ооруларына шыпаа болор жагымдуу жагдайды байкашкан экен. Ошондон улам  дарылоого шыкак, өбөлгө болорлугун эске алышып, жанынан өтсөң жыты аңкып турган ийне жалбырактуу дарактарды атайын отургузушат. Мына ушул дарактардын жытын искеп, кун чыга электе аралап басып жүргөн адамдарды кун сайын көрөсүң Көзүбүздүн карегиндей Көлүбүз турганда бул касиеттин көзү соолубас.

Доор алмашып, бүгүнкү жаңы нерсеге эртең эле эски болуп калган азыркы учкул жашоодо замандан артта калгысы келбеген ар бир жетекчи ишти жакшыртуунун көзүн тапканга күч үрөшү зарыл. Замандын тамырын кармай билиши кажет. Ансыз ал жетектеген мекеменин иши эч  качан алгалабайт. Ушул жааттан алганда “Көгүлтүр Ысык-Көл” бугун чыныгы ээсин тапкандай болду. Ал ашыра  мактагандык деле эмес. Буга чейин деле санаторийде жакшы иштер болуп келген, жетекчилери  анын кадырын, салмагын арттыруу үчүн иштешкен. Бирок биздин баамыбызда Лира Батырбекова жетекчи болуп келгени “Көгүлтүр Ысык-Көл” заманга үндөш өзгөрүүгө учуроодо. Же аял киши бүйрө, сарамжал болуп, кооздукка, ыңгайлуулукка умтулгандыктанбы жаңылануу дароо көзгө урунат. Бул бардык жерден байкалат.

 Дарылануу жана эс алуу үйүнүн аймагы абдан кең. Көп жылдан берки түрдүү  бак-дарактар менен жаңы бой созуп келаткандары, түркүн гүлдөр, айрыкча гүл канышасы – розалар кайда барба коштоп жүргөндөй сезилет. Тыйын чычкандар адамдарга ушунчалык көнүп калгандан, эс алуучулар колуна же ийнине отургузуп алып, сүрөткө түшө беришет.  А бет алдыда керемет Көл кучагын жайып, тосуп турат. Бир тарабын карасаң, ак чокулуу  тоолор көл созсоң эле жеткидей жакын көрүнөт. Ушул табияттын кооздугуна кооздук кошууга,  инфратүзүмдү заманга шайкештирүүгө санаторийдин кызматкерлери айрыкча  көнүл бөлүшөт.

 Дегеле мындагы  кызматкерлердин кичи пейилдиги, жакшы мамилеси, дарылануунун  жолдорун айтып, ийилип турушу көңүл жибитет. Анын эки себеби бар. Биринчиси  –  адамдын маанайынын көтөрүлүшүнө  табияттын кооздугу, анан да жакшы мамиле чоң роль ойнойт. Ал эми маанайдын көтөрүлүшү ден  соолукка  оң таасир тийгизет. Экинчиси  –  жылдан-жылга  жеке менчик санаторий түрүндөгү мекемелер көбөйүп, башка өлкөлөр мындай жайларын кулпуртуп жаткан чакта атаандаштыктан алдырбоо. Эгерде эс алуу үйүндө бары шайма-шай болсо, четтен эңсеп келгендер да көп болот.

Биринчи иретте “Көгүлтүр Ысык-Көлгө” эмне учун келишет? Анткени ал дарылоо, ден соолукту  чыңдоо кызматтары менен аты чыккан. Ал үчкө бөлүнөт: суу, баткак жана электр менен дарылоо. Чечмелеп айтканда санаторий ден соолугун чыңдоочуларга  20дан ашык дарылоо  түрүн сунушташат. Дарыгерлер ар бир адамды жылуу -жумшак  кабыл алышып, оорусуна жараша  консультация беришет, дарылоонун ага ылайык  түрлөрүн сунушташат. Атактуу Кочкор тузу менен дарыланганга да шарттар түзүлгөн Бассейн бар. Айтор, ар бир эс алуучу өзү каалагандай дарылана алат. Ошондуктан жыл сайын келип  эс алгандар коп.

Санаторийде жай-кыш дебей эс алууга болот. Ал үчүн бардык ыңгайлуулуктары менен 250 орун, жайкы эс алууга 810 орун камдалган. Беш корпустун экөө жыл бою меймандарды кабыл алууга ыңгайлаштырылган. Санаторий жалпысынан 1060 орундуу. 2013 – жылы аркы жылга караганда эс алуучулардын саны үч миңге жакын көп болду. Өткөн жылы жолдомолорду сатуудан 77204 миң сом киреше алынган, кирешенин жалпы көлөмү 84 пайыздан ашыкты түзөт, 2012 – жыл менен салыштырганда киреше 6691,7 миң сомго көбөйгөн. Эс алуучуларга кызмат көрсөтүүнүн акы төлөнгөн түрлөрү да көрсөтүлөт: УЗИ, клиникалык лаборатория, дарыкана, машина токтоочу жай, почто ж.б.  Жайында компьютердик  салон, кинотеатр, тренажердук зал, бильярд, акча алмаштыруу жайы, тир, суу аттракциону жана башка кызматтар эс алуучулардын кызматында.

Сейилдөөдөн, ар кыл медициналык дарылоолордон кийин адам эс  алгысы келет. Ал үчүн бир, эки жана үч бөлмөлүү жайлуу, ыңгайлуу номерлер ээлерин күтөт. “Люкс” деп аталган номерлер да бар. Эс алуучуларга түрдүү, даамдуу тамактар тартууланат. Буга башка өлкөлөрдөн келген меймандар өзгөчө ыраазы болуп кетишет. Албетте, меймандарга аймактагы кооз жерлерди көрсөтүү да каралган.

Үстүбүздөгү жылдын 29-январында өкмөттүн 2013-жыл үчүн сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө токтомуна ылайык, “Кызмат көрсөтүү (туристтик жана мейманкана кызматтары) номинациясы боюнча Кыргызстан профсоюздар федерациясынын “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийи сыйлыкка татыды. Ал санаторийдин жетекчиси Л.Батырбекова баштаган жамааттын жалпылап жасаган эмгегинин бааланышы.

Ошентип, эс алып, дарыланып, ден соолукту чыңдагандан сырткары Ысык-Көлдө сүзүп, керемет жерлерибизди саякаттап көрүү менен “Көгүлтүр Ысык-Көлдөн” адам көп нерсени алат!