fpk.kg

Login

Асылбек Токтогулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктук өкүлү Жусубали Төрөмаматов менен жолугушту


Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов иш сапар менен барган учурунда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктук өкүлү Жусубали Төрөмаматов менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ыйлайык, тең укуктуулуктун жана өз ара урматташуунун чегинде кабыл алынган милдеттенмелерди жөнгө салуунун принциптерин белгилөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кесиптик бирликтер Федерациясы жана Иш берүүчүлөрдүн ортосундагы 2013-2015 жылдарга кабыл алынган башкы келишимди аткаруу  максатында 2014-2015 жылдарга  карата жаңы  үч тараптуу келишимди кабыл  алынары  белгилүү  болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун  ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Төрөмаматовдун буйругу менен Социалдык-экономикалык жана Эмгек маселелери боюнча үч тараптуу келишимдерди  ар бир облустун  район, шаарларында  эки тараптуу жамааттык келишимдерди ар бир мекеме - ишканаларда түзүү боюнча бардык райондук мамлекеттик  администрация башчыларына,   шаар  мэрлерине  милдеттендирилди.