fpk.kg

Login

КПФнын Төрагасы М.А. Асанакуновдун Таласка болгон иш сапары

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы Мирбек Асанакунов  2017-жылдын 23 майында иш сапарынын графигине ылайык Талас облусуна иш сапары менен барып келди.  Иш сапарынын алкагында Төрага  Кыргыз улуттук «Манас-Ордо» комплекси менен таанышты. Андан сон  Талас районундагы «Барчын» лагеринин жайкы эс-алууга жана балдарды кабыл алууга даярдыгы менен таанышты. Лагердин  даярдыгын көрүп  КПФнын Төрагасы  ыраазы болду. Лагерь 1960 жылдары курулган,  имараттардын чатырлары эскирип, аламаштырууга муктаж болуп калган. Лагердин диркетору Ырыс Жазыбаевнанын аракети менен «Жерүй» компаниясы демөөрчу болуп, 3 жатак корпустарынын  чатырлары алмаштырылган.  Кыргызстан профсоюздар Федерациясы  мындай демилгелүү жетекчиге  ыраазычылык билдирди. «Барчын» балдар лагери жыл сайын 400 баланын  жайкы эс-алуусун камсыздандырат. Андан тышкары дагы 2017 жылы  700 бала эс алат. Учурда лагерлерге бара турган балдардын тизмеси такталып, тарбиячыларды даярдоо иштери жүрүп жатат.

                                                          

Ошондой эле Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы Талас облусунун профсоюздук активи менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында профсоюз тармагындагы болуп жаткан реформалар жөнүндө сөз кылып, чечилбей келе жаткан көйгөйлөргө дагы токтолду.

Жолугушунун жүрүшүндө Талас облусунун профсоюздук активи, областтык тармактык профсоюз комиетинин   жетекчилери, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын ишине ийгилик каалоо менен бирге  КПФнын эс-алуу жайларынын абалы, путевкалар кандай шартта  бөлүштүрүлүп жатат, кандай реформаларга профсоюз муктаж болуп жатат  деп  суроолорун Төрагага беришти.

М.Асанакунов төрт айдын ичиндн, профсоюздарды реформалоо иштерин баштап  жатканын жана путевкаларды бөлүштүрүү катуу көзөмөлдө турарын белгиледи. 

Андан сон Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнун, Талас областтык профсоюздар Кенешинин  жана Талас облусунун иш берүүчүлөрү ортосундагы  Башкы макулдашууга кол кою аземине катышты.

Башкы макулдашууга  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.А. Кенекеев, Талас областтык профсоюздар Кенешинин Торагасы А.Жакшымбеков, Жумуш берүүчүлөрдүн атынан: Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Талас облусундагы өкүлү . К. Турсалиевтер кол коюшту.

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы М.А. Асанакунов  сүйлөгөн  сөзүндө социалдык-эмгектик чөйрөдөгү өз ара милдеттенмелер жана аларга байланышкан экономикалык мамилелер, бул  баарынан мурда – Кыргызстандын экономикасын, эмгек рыногун өнүктүрүү, эмгек акыны коргоо, эмгектин коопсуздугун жана саламаттыкты сактоо, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууну белгилеп кетти. Биргелешкен аракеттер менен гана алдыбызда турган ар түрдүү  маселелерди чече алабыз деп Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы М. Асанакунов ишенимин айтып кетти.

КПФ Төрагасынын Талас облусуна болгон  иш сапары  Кара-Буура  районуна баруу  менен  уланды. М. Асанакунов Кара-Буура  районунун акими Сыдыкназаров Б.Ж., орун басарлары, элге билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, райком профсоюздарынын төрагасы жана райондогу «Ак-Шумкар» лагеринин директорлору менен жолугушту  жана  аталган райондогу «Ак-Шумкар» лагеринин жайкы эс-алууга жана балдарды кабыл алууга даярдыгы менен таанышты.

Иш сапарынан кайтып келген профсоюз лидери жолугушууларда көтөрүлгөн  маселелерди чечүү максатында КПФнын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырма берди.