fpk.kg

Login

Агроөнөржай кесиптик бирлигинин Борбордук комитети «Алтын-Талаа» айыл чарба кооперативинин малчысы К. Бейшеналиевдин арызын 9 862 сом милдеттүү төлөмдөрдү пенсияга чыгуу шарттарын чечүүдө

Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети Сокулук районуна караштуу «Алтын-Талаа» айыл чарба кооперативинин малчысы К. Бейшеналиевдин  арызын профсоюздун  Сокулук райондук комитети тарабынан карап чыгып, убагында арыз ээсинин чегерилген айлыгына  жараша Социалдык фондго төлөнбөй калган 9862 сом милдеттүү төлөмдөрдү котортуп берип, пенсияга чыгуу шарттарын чечүүдө. Мындан тышкаары кооперативдин  жетекчилиги арыз ээсинин үлүш жерин пайдалангандыгы үчүн тиешелүү төлөмдөрдү 2013 жылдын  15 майына  чейин  төлөп  берүүгө ишеним кат берди. К. Бейшеналиевдин башка да чечилбеген  эмгек катнаштары боюнча териштирүү иштери улантылууда.