fpk.kg

Login

Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун Жаңы жылдык куттуктоосу

 

Кадырлуу калайык, урматтуу кесиптештер!

Жалпы кыргыз элимди жана Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жамаатын босогобузга келип калган жаңы жыл майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктап, силерге жарык маанай, ачык асман, бекем ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, карыларыбызга узак салабаттуу нарктуу карылык, жаштарга талыкпас, эмгек, билим , үй бүлөлүк бакыт-таалай каалайм.

Жаңы жыл жергебизге тынчтыкты, бейпилчиликти, молчулукту алып келген жылдардан болсун. Кыргыз элин ийгилик, оомат коштосун, жергебизге кут конуп,  алдыга койгон ой-максаттары ишке ашсын. Ар бир үй бүлөлүн бакубат турмушу-бул мамлекеттин ийгилиги. Улуу бабалардын жолун жолдоп, алдыдагы максаттарыбызды туура белгилеп, жаңы жылда жаңы дем-күч менен аракеттенип, эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактайлы.