fpk.kg

Login

19 октябрь – социалдык кызматкерлеринини жана профсоюздар күнү

Урматтуу кесиптештер!

 

Сиздерди Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман  19 октябрь – социалдык кызматкерлеринини жана профсоюздар күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! 

Сиздер өз эмгегиңиздерди эмгек адамдарына   ар тараптан колдоо көрсөтүп келесиздер. Сиздердин ар күнү аткарган ишиңиздер эмгек адамынын укуктарын, коомдо социалдык биримдикти жаратууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Кыргызстандын эмгекчилеринин таламдарын коргоо менен Сиздер ишибиздин  башкы милдети –  жумушчулардын мыйзамдуу укуктарын жана турмуштук кызыкчылыктарын коргоону татыктуу ишке ашыруу менен социалдык-эмгек мамилелеринин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө, социалдык өнөктөштүктүн механизмдерин чыңдоого эң активдүү катышып, эмгек адамдарынын жашоо-тиричилигинин деңгээлин реалдуу жакшыртууга, жумуш орундарын сактоо маселелерин чечүүдө алгылыктуу иштерди  жасаганынар үчүн таазим этем.

Боорукердик, сабырдуулук, жардамын       аябагандык –  профсоюздук  кызматкерлердин эң башкы сапаттары болуп саналат, алар  коргоого муктаж адамдардын үмүтү болуу менен адамкерчиликке, адилеттүүлүккө жана боорукердикке болгон ишенимин жогорулатат, жан дүйнөсүнө жакшылык тартуулайт.

          Урматтуу кесиптештер! 

Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бакыт-таалай, бакубат жашоо жана бекем ден соолук каалайм!

 

Сиздерди урматто менен,

 

Кыргызстан профсоюздар                        

Федерациясынын Төрагасы                                         М. Асанакунов