fpk.kg

Login

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы Мирбек Асанакуновдун 1-Май - эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү менен куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кесиптештер!

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди эмгекчилердин майрамы – 1 - май майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. 

Бул майрам бардык эмгекчилердин тилектештик күнү. Эмгек майрамы адамзат үчүн эң баалуу болгон эмгекчилдик жана теңдик сыяктуу түшүнүктөрдү өзүнө камтып турат. Адамзаттын эмгегисиз бир дагы коомчулукта өнүгүү-өсүү болбой тургандыгы айкын. Ушул жадыраган жаз күнү сиздерге жазгы майрамдык маанай, үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, тынчтык жана ак эмгегиңиздерге чоң-чоң ийгиликтерди каалайм!