fpk.kg

Login

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы Асанакунов Мирбек Аскеровичтин 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү менен куттуктоосу

Кымбаттуу  кесиптештер!

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди 31-август Кыргыз Республикасынын  улуу  Эгемендик күнүнүздөр  менен чын жүрөктөн куттуктаймын.

Баарыбыз  бейиштей жерибизде ээн-эркин, көз карандысыз мамлекетте өмур сүрүп жатабыз.

Каада-салтыбызды,  кооз ыйык жерибизди, эне тилибизди  катуу сактап кылымдарды карытып күч кубатта  жашайлы!  Эркин желегибиз ар дайм  желбирешин каалаймын!

Ошол үчүн элибиздин мындан  ары өсүп — өнүгүшүнө ар кимибиз колдон келген салымыбызды кошушубуз керек.

Дагы бир жолу улуттун эң жогорку майрамы болгон эгемендүүлүк күнүңүздөр менен куттуктаймын. Баарыңыздарга  бекем ден соолук, үй – бүлөлүк ынтымак, бакубатчылык каалайм.

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы  Асанакунов Мирбек Аскерович