fpk.kg

Login

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын 9 май - Улуу Жеңиш күнү менен куттуктоосу

 

9 -Май — Улуу Жеңиш күнү – эң маанилүү майрамдарыбыздын бири. Кыргызстандыктар үчүн – бул ыйык майрам. Бүгункү Улуу Жеңиш күнү — согуштун ардагерлерине терең таазим этип, алардын баа жеткис эрдигин эскерүүчү күн. 

Урматтуу ардагерлер! Сиздердин турмуштук бай тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар бизге бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө дем берет жана Сиздердин басып өткөн даңктуу жолуңуздар кийинки муундар үчүн сабак жана үлгү болуп келүүдө. Улуу Жеңиш күнүндө Сиздердин эрдигиңиздерге дагы бир ирет таазим кылабыз! 

Кадырлуу Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, урматтуу кесиптештер жана жарандар, Сиздерди Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын атынан   жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктап, Жеңиштин Туусу жергебизде түбөлүк желбирей беришин каалаймын. Сиздерге чың ден соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайм. Ата-Мекенибиз гүлдөп өсө берсин!

Мекенибизде ар дайым тынчтык болсун!

Жеңиш майрамыңыздар менен!