fpk.kg

Login

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы Мирбек Асанакуновдун аялдардын эл аралык күнү – 8 март майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу асылзат айымдар!

Кымбаттуу энелер, эже-карындаштар!

 Сиздерди Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман  8-март – аялдардын эл аралык күнү менен куттуктаймын

Көктөм менен кошо келген ушул майрам жаратылыштын ажары менен аялзатынын назиктигинин, аруулугунун символу катары белгиленип келет.

Аялзаты – үйдө эне, адам баласынын жашоосунун башаты, булагы катары, коомдо жооптуу ишти колго алган инсан экени баарыбызга белгилүү. Кыргызстандын жаркын келечегин түптөө, элдин бакубат жашоосун камсыздоого багытталган зор милдеттерди жүзөгө ашырууда айымдардын орду жогору.

Ишенимдүү тирегибиз болгон кымбаттуу апалар, эже-карындаштарыбыз бар үчүн  коломтобуздун оту өчпөйт. Ар дайым коомубуздун куту болуп,  аман-эсен  болуңуздар.

Сиздерге  ар дайым  жаз күнүндөй жаркыраган маанайды, Ала-Тоодой бийиктикти, түгөнбөс жакшылыкты, берекени каалаймын.

Майрамыңыздар менен!