fpk.kg

Login

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын 9 май - Улуу Жеңиш күнү менен куттуктоосу

 

9 -Май — Улуу Жеңиш күнү – эң маанилүү майрамдарыбыздын бири. Кыргызстандыктар үчүн – бул ыйык майрам. Бүгункү Улуу Жеңиш күнү — согуштун ардагерлерине терең таазим этип, алардын баа жеткис эрдигин эскерүүчү күн. 

Урматтуу ардагерлер! Сиздердин турмуштук бай тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар бизге бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө дем берет жана Сиздердин басып өткөн даңктуу жолуңуздар кийинки муундар үчүн сабак жана үлгү болуп келүүдө. Улуу Жеңиш күнүндө Сиздердин эрдигиңиздерге дагы бир ирет таазим кылабыз! 

Кадырлуу Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, урматтуу кесиптештер жана жарандар, Сиздерди Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын атынан   жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктап, Жеңиштин Туусу жергебизде түбөлүк желбирей беришин каалаймын. Сиздерге чың ден соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайм. Ата-Мекенибиз гүлдөп өсө берсин!

Мекенибизде ар дайым тынчтык болсун!

Жеңиш майрамыңыздар менен!

Обновлено 07.05.2018 10:18

Просмотров: 106

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы Мирбек Асанакуновдун аялдардын эл аралык күнү – 8 март майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу асылзат айымдар!

Кымбаттуу энелер, эже-карындаштар!

 Сиздерди Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман  8-март – аялдардын эл аралык күнү менен куттуктаймын

Көктөм менен кошо келген ушул майрам жаратылыштын ажары менен аялзатынын назиктигинин, аруулугунун символу катары белгиленип келет.

Аялзаты – үйдө эне, адам баласынын жашоосунун башаты, булагы катары, коомдо жооптуу ишти колго алган инсан экени баарыбызга белгилүү. Кыргызстандын жаркын келечегин түптөө, элдин бакубат жашоосун камсыздоого багытталган зор милдеттерди жүзөгө ашырууда айымдардын орду жогору.

Ишенимдүү тирегибиз болгон кымбаттуу апалар, эже-карындаштарыбыз бар үчүн  коломтобуздун оту өчпөйт. Ар дайым коомубуздун куту болуп,  аман-эсен  болуңуздар.

Сиздерге  ар дайым  жаз күнүндөй жаркыраган маанайды, Ала-Тоодой бийиктикти, түгөнбөс жакшылыкты, берекени каалаймын.

Майрамыңыздар менен!

Обновлено 07.03.2018 07:04

Просмотров: 226

Келе жаткан 2018 Жаны жылыңыздар менен куттуктоо

 

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман  келе жаткан  2018  Жаны жылыңыздар менен куттуктаймын!

Бул майрам адам өмүрүнүн дагы бир барагын артка калтырып, жакшы тилек-үмүттөрдү тартуулаган, жаӊы жашоонун келе жаткандыгын жар салган улуу күн.

2018 жыл эгемендүү Кыргызстан үчүн жаӊылануунун,  өнүгүүнүн жана ырыс-куттун жылы болсун.

Жаӊы жылдын босогосунда туруп, баарыныздарга  ынтымак жана биримдик,  чын ден соолук, узун өмүр, үй бүлөнүздөргө бакыт-таалай, иштериңерге албан ийгиликтерди, тынчтыкты каалайм.   Ойлогон ой-максаттарыңар, тилектериңер орундалсын! 

Сиздерди урматто менен,
Кыргызстан профсоюздар  Федерациясынын Төрагасы             М. Асанакунов


Уважаемые коллеги, дорогие друзья!

От имени Федерации профсоюзов Кыргызстана  и от себя лично поздравляю вас с наступающим Новым 2018 годом!

Еще один год уходит в историю. Для нас он был наполнен интересными, значимыми событиями, подарил профессиональный рост, обогатил опытом работы, открыл новые возможности и пути решения поставленных задач.

 Важным шагом в обеспечении достойной и благополучной жизни трудящихся стало подписание Генерального соглашения между Правительством Кыргызской Республики, Федерацией профсоюзов Кыргызстана и республиканскими объединениями работодателей на 2017-2019 годы, проведены выборы нового Президента страны. Все эти происходящие изменения  в обществе   обязывает  профсоюзы, трудиться с ещё большей активностью и отдачей, проявлять инициативу, настойчивость в достижении целей, сплочённость. Нет сомнения, что наша солидарность позволит нам идти вперед, и мы успешно осуществим всё намеченное.

Уважаемые коллеги! Искренне благодарю всех вас за ответственный труд, сплоченность и солидарность в решении важных задач. Каким будет наступающий год, во многом зависит и от нас с вами. От нашей инициативности и настойчивости, желания добиваться лучшего для всех трудящихся Кыргызстана.

В преддверии Нового года  хочу пожелать всем нам силы духа, крепкого здоровья и счастья вам и вашим близким! 

Пусть 2018 год войдет в каждый дом с миром, добром, достатком и оправдает все ваши сокровенные мечты и ожидания!

С уважением и искренними пожеланиями,

Председатель Федерации  профсоюзов Кыргызстана                                         М. Асанакунов


Обновлено 26.12.2017 08:44

Просмотров: 359

Обращение членов Совета Федерации профсоюзов Кыргызстана к средствам массовой информации

В последнее время, в печатных СМИ республики, активно публикуются нелицеприятные материалы относительно деятельности Федерации профсоюзов Кыргызстана.  

К нашему сожалению, эти публикации носят явно заказной  характер, их цель - дезинформирование широкой общественности и нагнетания обстановки в профсоюзах.

В связи с этим, члены Совета Федерации профсоюзов Кыргызстана не могут оставаться  в стороне и посчитали  необходимым обозначить  свою позицию  относительно публикуемых  «заказных» статей.

Высшим органом Федерации в период между Съездами   Федерации профсоюзов Кыргызстана является Совет Федерации, который руководит всей деятель­ностью ФПК. В состав Совета ФПК входят все  председатели  отраслевых объединений профсоюзов и областных советов профсоюза.

В соответствии с Уставом ФПК Совет является той самой площадкой, где предоставлены все возможности для разрешения споров и конфликтных ситуаций.

Так, согласно Устава,  ФПК является консолидирующим органом, выступающим за  укрепление солидарности и сплоченности профсоюзов, строящим свои отношения с членскими организациями  на основе принципов демократии, взаимного уважения, сотрудничества и солидарности. Это означает в т.ч. многообразие мнений, взглядов, уважение интересов меньшинства, его право на защиту, разъяснение своей позиции.

 На этой площадке членские организации, в лице их председателей имеют право критиковать недостатки в деятельности органов Федерации, их работников независимо от занимаемой должности  (вплоть до руководства ФПК) вносить предложения по улучшению их работы.

То есть Совет ФПК, в соответствии с полномочиями, предоставленными ему, вполне способен сам, без вмешательства со стороны, решать все возникающие внутрипрофсоюзные спорные вопросы, разрешая конфликт интересов.

В то же время, членские организации ФПК обязаны соблюдать Устав Федерации, внутрипрофсоюзную дисциплину, воздерживаться  от любых мер, которые могут нанести ущерб Федерации и его членским организациям.

Согласно Кодекса этики профсоюзного работника (утвержденного постановлением Совета Федерации профсоюзов) профсоюзный работник  при взаимодействии со средствами массовой информации  может выступать от имени профсоюзной организации или его органов лишь в случае, если он уполномочен выражать их мнение, в противном случае должен воздержаться от публичных заявлений без учета мнения членов профсоюзной организации и его органов.

Поэтому полагаем, что  негативную информацию предоставляют в СМИ  недобросовестные лица, не имеющие отношения к профсоюзам республики.

Уважаемые представители СМИ!

Члены Совета ФПК, представляющие интересы более 700 тысяч членов профсоюза, обсудив периодически появляющиеся в СМИ материалы «анонимных» авторов, подрывающие имидж профсоюзов Кыргызстана  в глазах общественности  обращаются к вам с настоятельной просьбой не публиковать непроверенную, недостоверную информацию от анонимных авторов, а также подписанных неизвестными лицами.

Профсоюзы Кыргызстана выступают за гражданскую ответственность журналистов, их  уважение мнения профсоюзов. Мы – против лжи, подмены понятий и искусственного нагнетания ситуации в нашей организации. Мы – за объективную информацию, но – против безосновательных,  непроверенных однобоких  освещений  событий в профсоюзах республики.

Профсоюзы республики надеются, что средства массовой информации прислушаются к пожеланию членов Совета ФПК. Иначе, в случае очередной публикации подобных материалов, мы вынуждены будем обращаться в судебные инстанции за защитой чести и достоинства организации.

 

Члены Совета ФПК

Обновлено 05.09.2017 10:17

Просмотров: 363

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңешинин мүчөлөрүнүн массалык маалымат каражаттарына Кайрылуусу

            Акыркы    мезгилде   республиканын   массалык   маалымат   басма  сөз  каражаттарында  Кыргызстан   профсоюздар   Федерациясынын  ишмердиги   жөнүндө  жагымсыз макалалар жарыяланып келүүдө.

              Бул   жарыяланып   жаткан   материалдар   көз   көрүнөө эле ачык   буюртмалык   мүнөздө   жазылып,  кыргыз коомчулугуна бир беткей жалган маалыматтарды таратып, профсоюздагы жагдайды курчутууга багытталып жаткандыгы бизди  өтө өкүндүрөт.  

             Мына ушуга байланыштуу, биз, Кыргызстан   профсоюздар   Федерациясынын   Кеңешинин   мүчөлөрү,  ушул жаатта басмада  жарыяланып   жаткан  буюртма макалаларга    четтен   байкоочу  катарында   кайдыгер карап тура албайбыз жана аларга карата өзүбүздүн   бекем  позициябызды билдирип коюуну туура таптык.  

             Кыргызстан   профсоюздар  Федерациясынын өз  Уставына  ылайык ишмердигин жүргүзгөн коомдук орган болуп саналат. Федерациянын курамына бардык тармактык профсоюз бирикмелери жана облрайшаар профсоюздар  аралык органдары  ыктыярдуу биригишкен. Федерациянын съезддер арасындагы жогорку органы болуп Федерациянын Кеңеши саналат жана ал Федерациянын  бүткүл ишмердигин башкарат.

КПФнын Уставына ылайык Федерациянын Кеңеши бардык уюштуруу, аткаруу, көзөмөлдөө ишмердиги менен катар ар кандай талаштуу, чырдуу кырдаалдарда ал маселелерди чечип алуу үчүн бүткүл мүмкүнчүлүктөрдү түзүп турган аянтчанын так  өзү болуп  эсептелет. Кеңеш профсоюздардын катарын чыңдоо, ынтымакты бекемдөө, ишмердик аракеттерди бириктирүү боюнча  бардык мүчөлүк уюмдар, тармактык комитеттер жана аймактык профсоюздар аралык органдары менен мамилелерин демократиянын , сый-урматтын, тилектештик, кызматташуу принциптеринин  негизинде жүргүзөт  жана алардын ичинде, ар түрдүү пикирлерди, көз караштарды, азчылыктын кызыкчылыктарын сыйлоо, өз позициясын эркин расмий түшүндүрүп берүү, анын укугун сактоо дегенди билдирет. Бул аянтчада, мүчөлүк уюмдардын, комитеттердин жана регионалдык Кеңештердин атынан алардын жетекчилери жана кызматкерлери Федерациянын, анын аткаруу органдарынын, аппаратынын кызматкерлеринин  (КПФ жетекчилерине чейин) ишмердигиндеги жетишпегендиктер жана кемчиликтер жөнүндө ээлеген  кызматтарына карабастан сын айтууга, аларды четтетуу, ишмердиктерин жакшыртуу боюнча сунуш берүүгө укукту кеңири пайдаланып келатышат.

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңеши ага Устав аркылуу берилген ыйгарым укуктарга  ылайык  профсоюздар арасында пайда болгон ички талаш-тартышуу маселелерди башка тараптардын кийлигишүүсүз, кызыкчылыктарды макулдаштыруунун  негизинде толук чечип берүүго толук  жөндөмдүү орган экендигин баса белгилеп кеткибиз келет.

Ошол эле мезгилде, Кыргызстан профсоюздар Федерациясына ыктыярдуу киришкен мүчөлүк уюмдар жана алардын борбордук жана республикалык комитеттери, областтык Кеңештери кандай гана болбосун  иш-чараларга катышууда ички профсоюздук тартипти терең сактоого, Федерациянын Уставын кыйшаюсуз аткарууга милдеттүү экендиктерин, жалпы профсоюздарга жана Федерацияга зыян келтирүүчү иштерден өздөрүн-өздөрү токтотуп калуулары  профсоюздук биримдикке  баа жеткис  көмөк экендигин дагы бир жолу айтып коюуга тийишпиз. Федерация Кеңешинин токтому менен бекитилген профсоюздук кызматкердин этика Кодексине ылайык  профсоюздук кызматкерлер  массалык маалымат  каражаттарынын беттерине чыгып макалаларды  жарыялоодогу биргелешкен  аракеттеринде бир гана профсоюз  уюмунун же анын органынын  атайын  уруксаты берилген учурда  гана алардын пикирин айтып чыгууга укуктуу боло алышат, ал эми калган учурларда алар профсоюздук уюмдун кызматкери эмес, жеке тарап катары чыгышканды, профсоюздук кызматкер, профсоюздук уюмдун же анын органынын уруксатын албай, пикирин эске албай ар кандай  билдирүүлөрдү  алардын атынан жарыя кылуусу профсоюздук кызматкердин этика Кодексине каршы келет. Ошондуктан профсоюздар жөнүндө туура эмес  жана негизсиз  маалыматтарды профсоюздар менен эч кандай байланышы жок, алардын ар кыл органдарында иштебеген , профсоюздук кызматкердин этика Кодексин кабыл алышпаган адамдар берип жатышат деп эсептейбиз.

                             Урматтуу   массалык   маалымат   өкүлдөрү !

              Профсоюздардын   700,0   миңден   ашык  мүчөлөрүнүн   кызыкчылыктарын, укуктарын   коргоочу   өкүлдөрү   катары  биз, КПФ   Кеңешинин    мүчөлөрү, мезгил   мезгили   менен   пайда   боло   калып   жаткан   массалык   маалымат   каражаттарындагы   белгисиз    авторлордун кыргыз   коомчулугуна профсоюздардын кадыр-баркын түшүрүүгө багытталган   «тоголок»  билдирүүлөрүн   кеңири талкуудан   өткөргөнүбүздөн   кийин,   Сиздерге, Кыргызстан профсоюздар  Федерациясы тууралуу    текшерилбеген , такталбаган маалыматтарды жарыя кылбоонуздарды өтүнөбүз.

               Кыргызстандын профсоюздары   сиздерди, калем ээлерин, коомдогу төртүнчү бийликтин өкүлдөрүн, бири-бирибизди терең сыйлоого, жарандык эн жогорку жоопкерчиликке, өлкөдөгү эң көп сандуу коомдук уюм болуп саналган профсоюздардын жалпы пикирин эске алууга чакырабыз. 

Биз, профсоюздар текшерилбеген  мындай макалалардын жарыяланышына  жол берилбейт деген ишенимди  билдиришет, кокустан мындай макалалар кайрадан жарык көрө турган болсо, профсоюздардын  кадыр баркын, абиирин  коргоп алуу  максатында, биз сот органдарына кайрылууга аргасыз болобуз.

 

                Кыргызстан   профсоюздар  Федерациясынын   Кеңешинин   мүчөлөрү

Обновлено 05.09.2017 10:16

Просмотров: 398