fpk.kg

Login

Ак жол сага- студент!

Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын демилгеси менен уюштурулуп өз, ишин ийгиликтүү жүргүзүп жаткан Эмгек жана Социалдык Мамилелер Академиясынын профсоюздар үчүн кадрларды даярдоочу жогорку окуу жайынын, ошондой эле ЭСМАнын курамындагы Профсоюздар  Колледжинин биринчи курсунун студенттерин студент болушу менен куттуктоо салтанаты Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын жыйындар залында абдан жогорку маанайда болуп өттү.

Салтанатты Профсоюздардын Профессионалдык Колледжинин директору Субанбекова Мээрим Шамшидиновна ачык деп жарыялады.
Алгачкы сөз Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын алдындагы Эмгек жана Социалдык Мамилелер Академиясынын ректору, профессор Аскарбек Абдыкадырович Бекбоевге берилип, студенттерди чын ыкластан куттуктап, аларга ак жол каалады. Ошондой эле Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасынын орун басары Жээнбек Чыныбекович Осмоналиев, КПФнын аппарат жетекчиси Эшалиев Сарпек Ажибекович да Профсоюздар Федерациясынын атынан куттукташты.
Биринчи курстун студенттерине зачеттук китепчелерди, символикалык ачкыч жана жогорку курстардын активдүү, мыкты окуган студенттерине дипломдор, грамоталар тапшырылды.

Ушул эле салтанатта Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасы Абдрахманов Жанадил Абдрахмановичке «Эмгек жана Социалдык Мамилелер Академиясынын Ардактуу профессору», төраганын орун басары Осмоналиев Жээнбек Чыныбековичке «Эмгек жана Социалдык Мамилелер Академиясынын Доценти»  наамдары ыйгарылды.
Эмгек жана Социалдык Мамилелер Академиясынын илимий кызматкерлерине да илимий даражалар ыйгарылды.
Салтанат өнөрпоз студенттердин чоң программадагы абдан мыкты концерти менен коштолду.
Нарынбек Сыдыков