fpk.kg

Login

Иштеген киши ийгиликке жетет

Асылбек ТОКТОГУЛОВ, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы: «Көрөалбастардын жасап жаткан иштеринин себеби, менин кылган ишиме түздөн-түз бут тосуу»

- Асылбек мырза,  быйылкы жылдын эсебинен кандай иштер аткарылып, кайсы иштер иш жүзүнө ашыруу алдында турат?

- 2015-жыл биз үчүн өзгөчө жыл. Себеби быйыл Кыргызстан профсоюздар кыймылынын түзүлгөнүнө 110 жыл болду. Ал эми Кыргызстан профсоюздар федерациясын атайын официалду түрдө жаралгандыгынын 90 жылдыгы белгиленгени турат. 1905-жылдары Сүлүктү шаарында, Кызыл-Кыяда шахтерлордун биринчи кыймылы башталган экен. 1925-жылы 31-мартта атайын 13 тармактык профсоюз биригип, республикада Кыргызстан профсоюздар федерациясы жаралган. Ошондуктан быйыл атайын Кызыл-Кыя шаары, Баткен, Жалал-Абад облустарына барып шаар активдери, ардагерлери, жалпы профсоюз активдери менен жолугушуп, алдыда боло турган  110 жылдын кыймылынын башталышы жана профсоюз кыймылы жаралган 90 жылдыгына карата старт бердик. Муну  менен биз ар бир кызматкердин эмгекке болгон укугунун корголушуна жакшы шарт түзүнүү пландоодобуз. Быйыл Кыргызстан профсоюздар федерациясында кезектеги съезди болот. Ошол съезддин алкагында мындан да ишмердүүлүгүбүздү жандандырабыз. Акыркы учурда жеке менчик ишканалардын ачылышы менен кээ бир жерлерде профсоюздардын уюмдары түзүлбөй калган. Аталган уюм түзүлбөгөндөн кийин ич ара кандай келишпестиктин айынан маселе жаралышы мүмкүн. Биздин негизги максаттардын бири ошондой чакан жеке ишканалардын таранс улуттук чет элдик компаниялар менен бириккен уюмдарда профсоюз уюмдарды түзүү боюнча чоң иштерди жүргүзүп, ал үчүн биздин өзүбүздүн интернет сайтыбыз, ММКлар менен бирге иштешип, жер-жерлерге барып кыдыруу иштерин жүргүзүп жатабыз.

- Бюджеттик мекемелердин айлык акыларын көтөрүү маселеси кандай болууда?

- Республикадагы минималдык  айлык акы аз. Алган айлык акысы үй-бүлөсүн бакканга жетпейт. Андан сырткары, бюджеттик мекемелерде дагы айлык акы маселеси абдан орчундуу маселе болуп турат. Буюрса, мамлекет башчыбыздын, өкмөттүн, каржы министрлигинин, билим жана илим министрлигинин колдоосу менен мугалимдердин, андан сырткары, гидромедцентрлерде иштеген кызматкерлердин, токойчулардыкы, сугатчылардын  айлык акысы 50 пайызга көтөрүлгөнү турат. Учурда түзүлгөн профсоюздардын төрөгаларынын көбү акча албай иштешет. Алардын көбү тажрыйбалуу адамдар. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык биздин келечегибиз болгон жаштар менен кызматташып, аларды маалымат менен камсыздап билимин жогорулатуу үчүн эмгек жана социалдык академиясын түзүп лидердерди окутууну колго алуудабыз. 

- Профсоюз эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо үчүн шарт түзүп берет. А ошол кызматкер үчүн акча каражатты кайдан аласыздар?

- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоону дагы өз мойнубузга алганбыз. Камсыздоо мыйзамынын негизинде юридикалык, физикалык ар бир ишкерлерден 0,25 пайыз акча кармалып, социалдык фонд аркылуу чогулуп аткаруучу катары профсоюзга берилет.  Бүгүнкү күндө түздөн-түз профсоюздун иши болбосо дагы мамлекетибиз жакыр болуп жумушсуздук көп болуп турган учурда элдин аярлуу катмарына өкмөт менен бирдикте ушул ишти алып барып жатабыз. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын алдындагы эс алуу жайлары сакталып калган.

- Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жасаган жакшы иштериңиздер бар экен, бирок коомчулукта профсоюзда коррупциялык иштерге гүлдөп кеткен деген сөздөр айтылып келет. Негизи эле коррупциялык иштерге бөгөт коюуга кандай иш аракеттер көрүлүүдө?

- Коомдо айтылган ар бир пикирди угуп, ошонун үстүндө изилдөө жүргүзүп иш алып баруу туура деп ойлойм. Жетекчи катары коомдун пикирин ар дайым баалайм. Биздин менчигибиз болгон «Көгүлтүр Ысык-Көл» курортубуз мындан эки жыл мурун абдан оор абалга түшүп калган. Ошондо профсоюздун мүчөлөрү менен бирдикте барып “Көгүлтүр Ысык-Көл” курортунан эки жарым гектардай жерди сатууну бирге чечип, анын акчасын ошол эс алуу жайдын абалын оңдоо иштерине кетиргенбиз. Мына ушунун тегерегинде ар кандай коррупциялык иштер бар деген сөздөр чыкты. Мунун баары карандай калп. Себеби ушул күнгө чейин укук коргоо органдары, эсеп палатасы келип текшеришкен. Ичип алган, жеп алган деген эч кандай факт жок. Бул жөн гана ошонун тегерегинде  айтылып жаткан ушак-айың сөздөр. Пайдаланылбай жаткан кээ бир кыймылсыз мүлктөрдү ишке салыш бүгүнкү күндө ишкерликтин жолу деп ойлойм. Тескерисинче, пайдаланылбай чирип жок болсо, анда профсоюздун кимге кереги бар эле. Анда дагы чирип ирип жатат деген сөздөр чыкмак. Биз ошолорду текке кетирбестен ылайыкташтырып “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ала-Тоону” оңдоп-түзөп эмгекчилерге шарт түзүп койдук. Андан сырткары, Жалал-Абад, Ысык-Ата курортун киши тааныгыс кылып жасадык. Кыргызда жакшы сөз бар, «Көргүсү келбеген эч качан көрбөйт, уккусу келбеген эч качан укпайт» деген, ошондуктан элди карап отура бербей өзүбүзчө иш кыла беришибиз керек деп ойлойм.

- Акыркы учурда профсоюздун бюджетинен жоголгон ири суммадагы акча тастыкталса дагы артынан ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Учурда бул иш тууралуу текшерүүлөр жүрүп жатабы?

- Акыркы учурда ММКларга менин ички оппоненттерим, башкача айтканда, өзүбүздүн эле советтин мүчөлөрү көрө албастык кылып ар кандай чуулгандуу маалыматтарды таратууда. 2015-жылдын бюджети бекигенден кийин отчет маалында өзүбүздүн федерациябыздын бухгалтерлик бөүмүндө шектүү маселе жаралгандан улам жана элдин маалыматынан улам  маселе туулган. Ошонун негизинде өзүм изилдеп карап отуруп биздин бухгалтериядан ири өлчөмдөгү акча жетпей калгандыгын тастыктап чыккам. Так айтканда, 4 миллион 325 миң сом. Бул сумманы өзүм таап чыккандан кийин биринчи көргөн чарабыз кассирди алмаштырдык. Башкы эсепчи өзүм билемдик кылып өзү каалагандай иштерди жасай берген. Эми жетекчилик жактан дагы жоопкерчилик талап кылынат, бирок күнүнө бюджетти эсептеп отура алган жокпуз. Башкы эсепчи келип түшкөн акчалардан өзүнө алып койгон дагы, ал акчаны башка бир жолдор менен жок кылып же болбосо жаап-жашырбастан ачык бойдон калган. Ачыкка чыккандан кийин ал өз мойнуна алып, үй алып коротуп койгом, ушул убакыттар ичинде ордуна коюп коеюн дегем, бирок жетише албай жатам деди. Ошол убакытта эле акт түзүп, кассадагы жоголгон акча менин мойнумда деген документтерди алгандан кийин ал киши ыйлап, бир айдын ичинде ошол сумманы ордуна коем дегенинен жетекчи катары мүмкүнчүл-к бердим. Бирок бир айдын ичинде ордуна кое алган жок. Бул ишти 4 бухгалтер, башкы эсепчи, кассир билген. Ошондуктан советтин аксакал мүчөлөрүнө  кабарлаганымда, алар дагы бир жума берип көр, ордуна коюп коер. Муну соттотуп жибергенде маселе көп жылга кармалып калат деген кеңештерин беришкен. Бирок ошол учурда текшерүү комиссиясы келип, баягы 4 миллион 325 миң сом башкы эсепчинин мойнундагы акчадан башка кошумча дагы 3 миллион 800 миңге жакын каражат жетишсиз деп  жатышат. Учурда Башкы прокуратуранын санкциясы менен башкы эсепчиге иш козголгон. Бул киши алгач акчасын өзүнүн мойнундагысын төлөшү керек. Ал эми текшерүүдөн кийинки чыккан маселени дагы ордуна коюп бергиле деп МВДга кайрылуу жасадык. Ошол акчаны жеген башкы эсепчи биздин жыйында, атайын түзүлгөн комиссиянын алдында «бул ишти жетекчинин макулдугусуз өзүм жекече жасагам. Мен бул акчаны кайрып берем» деп өз милдетин алды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ордуна кое албай жатат.  Ошондуктан бул маселе боюнча укук коргоо органдары менен бирдикте иш жүргүзүп жатабыз. Мен ойлойм, бул иштин аягына укук коргоо органдары чекит коюп, эгер төрөга күнөөлүү, түшкөн каражатка кол коюптур, катып, жоготконго шарт түзүптүр деген жыйынтык чыгарса, мен күнөөм катары жооп берем. 2012-2013-жылдары текшерүү комиссиясы келип эмнегедир бир дагы ичип-жеп алган деген акт кагазы чыккан эмес. Демек, текшерүү комиссиясы бул ишке үстүртөдөн гана караган. Эгер мен коррупционер болсом бул иштин бетин ачпастан эле акчаны таап алып экиге тең бөлүп жаап-жашырып коймокмун. Бирок мен эч качан андай иштерге барбайм. Мындай иштерге жол бербөө үчүн күнөөлүүнү таап чыкканыма жанагы көрө албастыкатардын жасап жаткан, чыгарып жаткан ушак сөздөрү ушул. Бирок ушундай иштер болсо дагы профсоюздун ишин андан ары өркүндөтүүгө, алдыга жылдырууга баардык аракетимди жүргүзүп жатам. 

- Өткөндөгү шайлоо эмне үчүн жабык эшик артында өткөн? Журналисттерди эмне себептен киргизген эмессиздер?

- Мен билим, илим тармагынын республикалык борбордук комитетинин төрагасы болом. Кыргызстанда 728 миң профсоюздук мүчө болсо, ошонун 199867си билим, илим кызматкерлери. Бул эң чоң профсоюздук уюм. Бул уюм менен 5 жылда бир съездибиз болот. Быйылкы жылга карата чакыруубуз менен 150дөй адамдын катышуусу менен улуттук университетте кезектеги съездибиз болду. Съезде өткөн 5 жылдыкта жасаган иштерибиз, келечекте кайсы иштер аткарылат, ошол тууралуу талкууланды. Бирок бул жерде дагы кээ бир менин оппоненттерим тоскоолдук кылабыз деген мааниде бизге тааныштыгы жок уюшулган куурчак адамдар келишкен. Алар жогоруда айтылган жалган сөздөрдү айтып элдерге майда баракчаларды таратышкан. Бул ишти убагында студент кезинде өзүм Карачалов Элдияр деген баланы жетелеп келип студенттик союз түздүргөм. Азыр курулуш тармагында юрист болуп эмгектенет. Ушуга окшогон дагы балдар уюштурган. Негизи съездге мандаты бар, убактылуу күбөлүгү бар адамдар, атайын катышууга катталган адамдар катыша алат. Ал эми жөн эле келген сырттагы адамдардын киргенинин кандай кереги бар. Алар съездге катышыш үчүн алдын ала келип катыша тургандыгы тууралуу маалматын берип коюусу керек эле. Анан той тарткан камерасын көтөрүп алып мен журналистмин деп келгени туура эмес. Алардан башка дагы топтошкон жаш балдар турду. Биз милиция кызматкерлерин чакырган жокпуз. Топтолуп турган балдарды көргөн милициялар өздөрү келип мыйзамсыз иштерге барбагыла деп кетишкен экен. Бирок съезд бүткөндөн кийин эшикке чыгып ошолордун баардыгана интервью бердим. Съездде болгон иш-чаранын баарын айтып бердим. Биздин сайтта, газетабызда жабык эшик артында эмне иш кылганыбыздын баары жайгаштырылган. Көрөалбастардын жасап жаткан иштеринин себеби, менин кылган ишиме түздөн-түз бут тосуу. Бул нерсени мен кара пияр деп эсептейм.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

«Аят» гезити

28.05.2015