fpk.kg

Login

1- Май – Эмгек майрамы

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Торагасы М.Асанакуновдун куттуктоосу

 

Урматтуу кесиптештер!

 

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңешинин атынан Сиздерди  1-май эмгек күнү, жана 9-май жеңиш күнү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Жаркыраган улуу эмгек майрамы - 1-май жана 9-май жеңиш күнү жергебизге ар дайым тынчтыктын жана ынтымактын нурун чачып, калкыбыз адал эмгегинен  баар таап, байгерчилик заман орноп, өлкөбүздө эгемендиктин туусу түбөлүккө желбирей берсин.

Эмгек майрамыңыздар менен кымбаттуу кесиптештер!

Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш, ишиңиздерге ийгилик каалаймын!