fpk.kg

Login

Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата иш чара

 

Кыргызстан профсоюздар Федерациясы,  21 февраль  - Бүткүл дүйнөлүк эне  тили күнүнүн  алкагында профсооюздук активдер үчүн тегерек  үстөл өткөрдү.

Тегерек үстөлдүн  өткөрүүдөгү негизги максат кыргыз элинин, кыргыз тилинин айланасына этносторду бириктирүү, иш кагаздарды кыргыз тилинде даярдоого өтүү  болуп саналат.

Аталган иш чарага КПФнын  жетекчилиги: Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Төрагасы Мирбек Аскерович  Асанакунов, төраганын орун басарлары – Рысгуль Белековна Бабаева, Жээнбек Чыныбекович  Осмоналиев, бөлүм башчылары жана бардык кызматкерлер катышышты.  Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинини  аппаратына караштуу мамлекеттик  Улуттук тил комиссиянын  башкы адиси  Супатаева Алсира Кыргызстандын кыргыз тилин уйрөнүү, кыргыз тилинин статусу жөнүндө, мамлекеттик ишканаларда кыргыз тилинде иш кагаздарын даярдоосу   боюнча кенири маалымат берип, кыргыз  тилин  өркундөтүүгө  профсоюздук  кызматкерлерди чакырды.