fpk.kg

Login

Кыргызстан профсоюздарынын түзүлгөндүгүнө 90 жыл жана алгачкы профсоюз кыймылынын Кызыл-кыя шаарында түзүлгөндүгүнө 110 жыл деген темада акция өткөрүлдү

 

2015-жылдын 31-мартында Баткен областынын Кызыл-кыя шаарында Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан,  Кызыл-Кыя шаарында шахтёрлор тарабынан профсоюздар кыймылынын түзүлгөндүгүнүн 110 жылдыгы жана Кыргызстанда профсоюздарынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата биринчи старт берген акция өткөрүлдү.

1905-жылы Кызыл-кыя шаарында шахтёрлордун руднигинде алгачкы профсоюз уюму түзүлгөн. Бул профсоюз уюмуна анча көп эмес шахтёрлор мүчө болуп, турмуш шарты оор шахтёрлорго жардам берүү максатында ай сайын жалпы кассага мүчөлүк акы төлөп турушкан.1905-жылдын жазында Сүлүктү жана Кызыл-кыя шаарларынын шахтёрлору төмөнкүдөй талаптар менен иш таштоого чыгышкан, 8 сааттык жумуш күнү, эмгек акыны көтөрүү, айып салууну жокко чыгаруу, сөз эркиндиги болуусун талап кылышкан. 1925-жылдын 31-мартынан 3-апрелине чейин Пишпек (Бишкек) шаарында Кыргыз автономиялуу областынын профсоюздарынын биринчи уюштуруу съезди өткөрүлгөн. Бул съездге 9243 профсоюз мүчөлөрүнүн атынан 109 делегат катышкандыгы тууралуу тарыхый маалыматтар айтылды.

Бул акцияга Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы А.Токтогулов, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасынын орун басары О.Жайлообаев, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасынын орун басары, ош областтык профсоюздар кенешинин төрагасы Т.Мусаев, Жалал-Абад областтык профсоюздар кенешинин төрагасы З.Жусмаматов, Баткен областтык профсоюздар кенешинин төрагасы А.Казаков, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жооптуу кызматкерлери О.Карабалаев, С.Исраилова, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Ботоков, Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук, Кызыл-кыя шаардык комитеттеринин төрагалары А.Нурмаматов, М.Буванова жана шаардагы бардык мекеме уюмдардын жетекчилери, профсоюз комитеттеринин төрагалары, ардагер шахтёрлор, профсоюз уюмдарынын ардагер төрагалары катышышты. Акцияны катышуучулары алгач Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы тоо-кен колледжинин алдындагы коомдук ишмер Т.Кулатовдун эстелигине гүл коюудан башташты. Андан кийин аталган колледждин музейи, алгачкы профсоюз уюмунун түзүлүшү жөнүндөгү маалыматтар, окуу кабинеттери менен таанышышты. Кызыл-Кыя шаардык музейиндеги экспонаттар, тарыхый маалыматтар анын ичинде алгачкы профсоюз уюмунун төрагалары жана алардын ошол мезгилдеги шахтёрлор үчүн кам көрүлгөндүгү, талаптардын коюлушу жөнүндөгү маалыматтар кызыктуу болду.

Акциянын экинчи бөлүгү Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын чоң залында өткөрүлдү. Акциянын катышуучуларына Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан 2014-жылда аткарылган иштер жөнүндөгү видео фильм көрсөтүлдү. Андан кийин сөз алган Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы А.Токтогулов профсоюз уюмунун тарыхы жөнүндө жана азыркы мезгилдеги профсоюздар тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берди. Бул акция быйылкы жылы республикада жыл ичинде улантылаарын белгиледи. Ошондой эле ардагер шахтёрлорго Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Акциянын жыйынтыгы менен жалпы кайрылуу кабыл алынды.

Бул акцияны уюштурууда Кызыл-кыя шаарынын мэри А.Халмурзаев жана мэриянын аппаратынын кызматкерлери, билим берүү профсоюзунун Кызыл Кыя шаарынын төрайымы М.Буванова, Баткен областтык профсоюздар Кенешинин төрагасы А.Казаков менен биргеликте уюштуруу маселелеринде жогорку деңгээлде чоң иштерди аткарышты.

 

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Баткен областтык комитетинин

төрагасы                                                                                                З.Ботоков.