fpk.kg

Login

21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргызстан профсоюздар Федерациясында семинар өттү

Бүгүн,  Кыргызстан профсоюздар Федерациясында  21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө  карата семинар болуп өттү.

Семинарга Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов, төраганын орун басарлары – Рысгуль Бабаева жана Жээнбек Осмоналиев,  бөлүм башчылары, аппаратынын жоопту кызматкерлери, республикалык тармактык профсоюздардын төрагалары жана  адистери катышышты. 

Семинардын ишин ачып жатып, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы М.Асанакунов  кыргыз тилин Кыргызстан профсоюздарынын арасында жайылтууга болгон аракетибизди жасап,  кызматкерлерибизди  эне тилинде  сүйлөөгө, жазганга  үйрөнүүгө,  иш-кагаздарды  кыргыз тилине өткөрүүгө болгон  мүмкүнчүлүгүбүздү жумшашыбыз керек деп басым жасап кетти. 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук  комиссиясынын башкы адиси Альфира Супатаева  семинардын катышуучуларына иш кагаздарын  мамлекеттик тилде даярдалышындагы талаптарын,  кыргыз тилиндеги жазуу эрежелерин жеткиликтүү жана кызыктуу презентация менен айтып түшүндүрүп берди.
Семинардын  уюштуруудагы негизги максаты  – кыргыз тилине иш-кагаздарын өткөрүү, кыргыз элинин, кыргыз тилинин айланасына этносторду бириктирүү, этностор ортосунда биримдикти, ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

21 февраль21-февраль Эл аралык эне тил күнү деп  ЮНЕСКО эл аралык уюмунун генералдык конференциясында  1999-жылы 17-ноябрда бул күндү эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. Бүткүл дүйнөлук эне тил күнү 2000-жылдан тарта белгиленип келет.