fpk.kg

Login

Эмгек учурунда майып алгандар, кандай абалда ?!


Совет мамлекети ыдырап урай баштаганда, ошол мамлекетти түптөп, жакшы каражаттарды алып экономикага зоор пайдасын келтирип жаткан өнөр-жайларыбыз: завод, фабрикалар жана башка ондогон, жүздөгөн мекемелерибиз жоюла баштаган. Бул кубулуш социализмден капитализмге өтүүдө боло турган иш болуучу. Бирок, биздин ат минерлер, ажоолор түптөлгөн ишканаларды андан аары жаарга такап  атайылап банкротко алып келишкен. Кээ бири өзүнүн кызыкчылыгы үчүн, миңдеп иштеп жаткан жараандарыбыздын жумуш  оордуларын тартып алгандай эле болуп калды.

Кээ  бир мекемелерибиз: завод фабрикалар Кеңеш өкмөтүнүн аймагында бирдиктүү алыш-бериш катнашын жоготконуна байланыштуу , тетиктери жок станоктору токтоп, четинен сатылып олтуруп, мамлекетибизди сызга олтургузгандай эле болуп калды.

Кеңеш өкмөтүнөн калган ишканалар акырындан менчикке өтө баштаган        Мекемелерди жоюда кээ бирлери юридикалык жактан Жарандык Кодекстин 93- беренеси менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жакка өткөрүп берүү актысына ылайык өтсө, кээ бир мекемелер Жарндык Кодекстин 96-беренесинин негизинде юридикадык жактан анын укутарын жана милдеттерин укуктук  өтүүчүлүк тартибинде башка жактарга өткөрбөй токтотууга алып келген.

Жоюулуп калган мекемелер кандай шартта өтпөсүн, ошол мекеменин түптөп өзүнүн салымы менен мекеменин даңкын көтөргөндөр,  көчөдө ишсиз калып олтурбайбы.

 Эртеден кечке берилген планды аткарабыз деп эмгектенип жүрүшүп, эмгектик жаракат алышып өлгөндөрү, бутунан, колунан ажырагандары  канча? Жумуш оордунда өлүп калгандардын убалы кимде, бул жараандарыбызга азыркы учурда мамлекет жардам бере алабы,  жардам бербесе да, жумуш берүүчүлөрдү тартипке чакырууга күчү келеби?

Мекемелерди жою боюнча бир-эки мисал келтирип кетейин:

- "Рыбачье" эт комбинаты өзүнүн аталышын өзгөртүп,  «Токчулук» Акционердик коому болуп, 100% мамлекеттин  карамагында калган.

 9 ноябрь 1995 жылы биринчи эл аралык аукцион болуп, 51% «Кыргызтрансавто» ААК нун өкүлү Урманаев, Жарандык Кодекстин 93- беренеси менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жакка өткөрүп берүү актысына ылайык өткөрүп сатып алып,  комбинаттын ээси болуп калган.Кийинчирээк ААК, АК «Балыкчы эт комбинаты» болуп, Бектурова Н. директор болуп шайланган.

Канча эт комбинатынын аты өзгөрбөсүн, ушул мекемеде иштеп жүрүп 27 сентябрь 1976 жылы Дыйканбаева Ж.колунан ажыраса, 23 сентябрь 1983 жылы Алымбекова Г. колунан ажырап эмгектик майып деген корутундусу болгондорго эч кандай пайдасы болгон жок, анысы аз келгенсип, бул эки эмгектин майыптарын соттон сотко Урманаев С.сүйрөй баштаган.

 Эмгектин майыптары болгон жараандардын укугун коргоо үчүн Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эмгектин техникалык тескөөчүлөрү жардамга барышып, тебеленип жүргөн майыптардын укугун бир нече соттон   сактай алышты.

Баардык соттон туура чечим майыптар тарабына чечилсе дагы, Урманаев С. Майыптарга тиешелүү залалдын ордун толтуруу акчасын дагы эле бербей жүргөнүн  кантип сыздабай айта аласың.

13 май 2013 жылы Жогорку соттун чечими менен Жарандык иш боюнча Эмгектин майыптары: Алымбекова жана Дыйканбаева тарабына чечилип, бул чечим ушул убакыттан баштап күчүнө кирет, кайра доо арыз менен кайрылууга мүнкүнчүлүк берилбейт дегенине карабастан, соттун чечими азыркы күнгө чейин аткарылбай келет.

 - 26 июль 2011 жылы Уралиева К.К. аттуу жараныбыз Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонанын архитектура-курулуш көзөмөлдөнүн мамлекеттик башкармалыгында иштеп жатып эмгектин майыбы болуп калган. Ал эми бул ишкана Кыргыз Республикасынын министрлигинин Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгынын 2013 жылдын 4 февралындагы № 47 буйругуна ылайык  Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонанын архитектуралык-курулуш көзөмөлдөөнүн мамлекеттик башкармалыгы жоголду деп эсептелет. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 96 беренесинин 1 пунктуна ылаык юридикалык жакты жоюу анын укуктарын жана милдеттерин укуктун өтүүчүлүк тартибинде башка жактарга өткөрбөй токтотууга алып келет. Көрдүңөрбү, бир эле берене, бир эле пункт менен Уралиеванын залалды толтуруу эмгек пулун жокко чыгарып олтурушбайбы. 

 Ден-соолугуна келтирилген залал пулду ала алышбай, айласы кеткенде Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эмгектин техникалык нускоочуларына кайрылууга мажбур болушат. Төмөндөгү эмгектик майып болгон жараныбыздын арыз муңу оң жагына оогондой болду окшойт.

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын, эмгектин техникалык нускоочулары тарабынан жасалган залал пулдун сумммасы менен КР өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигине залал пулду төлөп берүүгө тапшырылганы маалим болду.

 

КПФ

эмгектин техникалык нускоочусу                                                            Ж.Казакбаев