fpk.kg

Login

Жумушчулардын мыйзамдуу кызыкчылыгын жана укуктарын коргоодо эмгек чөйрөсүндөгү эң башкы максат

Жумушчуларды социалдык жактан коргоо жана эмгек кепилдигин камсыздандыруу чараларынын бири, жумушчунун эмгек жаракатына жана өлүмүнө байланыштуу келтирилген зыянды төлөп берүүдө жумуш берүүчүнүн жоопкерчилиги эң жогорку орунду ээлейт. Эмгек мыйзамы боюнча жумушчунун ден-соолугуна келтирилген кырсыктын негизинде, жумушка жарамдуулугун жоготкондугуна байланыштуу, айлык майанасынын бир бөлүгүнүн азайышына алып келет.

Кырсыкка жана кесипттик ооруга кабылгандыгына байланыштуу,  жабырлануучуну камсыздандырууда жана кырсыктын натыйжасын жоюудагы эң башкы негиз: реабилитация укугу, жумуш ордуна кабыл алуу укугу жана келтирилген зыянды төлөп берүү укугу.

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эмгек техникалык инспекциясы жумушчуну мурдагы жумуш ордуна кайтып баруусуна жана укугун коргоо максатында, өнөр жайында кырсыкка учураган жабырлануучу менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы мамилени сактоодо жана ишке ашыруудагы көйгөйлүү маселелер боюнча иш жүргүзүп келет.

Жумушчу үчүн эң керектүү нерсе мекемедеги жумушчу коллективдин кийлигүүшүсү менен тез арада баардык кызыктар тараптын кызматташуусу менен башкача айтканда жумушчунун өзү, жумуш берүүчү жана профсоюз мүчөсүлөрү аркылуу байланышты түзүүсү зарыл жана бүгүнкү күндүн эң көйгөйлүү маселелеринин бири. Мындай чечим реабилитациялоого жана жумуш ордуна баруу укугун ишке ашырууга түздөн-түз шарт түзөт.

Жабырлануучу кырсык учурунда алган жаракаттан кийин, жумуш ордуна айыгып келсе, жумуш берүүчү аны мурдагы ордуна же ошондой эле кызматка алууга жана мурдагы айлык акысын, ошондой эле ага каралган төлөмдөрдү төлөп берүүгө милдеттүү. Өнөр жайында алган кырсыктын залакасы, жабырлануучунун айлык маянасынын азайышына, ошондой эле физикалык жана психикалык абалга алып келүүсү мүмкүн, бул учурда жумушчу жаракат алгандыгына байланыштуу бир жолку жана ай сайын алуучу жөлөк пулду алууга акылуу жана муктаж. Жөлөк пулдун жана келтирилген зыяндын суммасы алган кырсыктын оорлугуна, жумушка болгон кесиптик жарамдуулугун канчалык пайызда жоготкондугуна байланыштуу болот.

Өнөр жайында кырсыктын кесепетинен каза болгон жумушчунун багуусунда калган үй-бүлөө мүчөлөрү келтирилген зыянды мыйзам чегинде төлөтүп алууга акылуу. Жабырлануучунун багууда калган үй-бүлөө мүчөлөрүнө жаш балдары, 18-жашка чейинки студент же майып балдары, андан башка дагы каза болгон жумушчуга экономикалык жактан көз карандылар кирет. Эгерде каза болгон жумушчунун багуусунда калган үй-бүлөө мүчөлөрү жок болсо, анда анын атасы, апасы же анын атынан кайрылган жаран, моралдык зыян алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдык нормалык актыларында каралган тейлөө жана айлык акыларын жоготуу боюнча келтирилген зыяндын суммасынын төлөмүн көбөйтүү, жабырлануучуга келтирилген зыянды төлөтүп берүү көйгөйлөрү боюнча, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эмгек техникалык инспекциясы жарандарга мыйзам чегинде көптөгөн ар-түрлүү жардамдарды берип келүүдө. Мисалга алсак, КПФ ЭТИна арыз менен келтирилген зыяндын суммасынын төлөмүн көбөйтүп берүү боюнча, кесиптик оорулуу, экинчи группадагы майып Жамалова А.А. кайрылган. Арыздануусун төмөнкүчө баяндайт: келтирилген зыян үчүн алган 549 сом дары-дармек сатып алууга же ооруканадан дарыланууга жетпейт, дейт.

Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жамаловага келтирилген зыян боюнча төлөнүп берүүчү төлөм Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн майыптарга карата коюулган жеп-ичүү минимумунан 3500 сомго төмөн болгону аныкталды. Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эмгек техникалык инспекциясы майып адамдарды социалдык жактан коргоо максатында жабырлануучунун мурдагы иштеген жерине, Нарын аймагында коюулган жеп-ичүү минимумуна ылайык келтирилген зыяндын суммасынын төлөмүн 4080 сомго көбөйтүү боюнча түшүндүрмө талабын жөнөттү.

Ушундай эле арыз менен Эргешовтун жесири, Баткен областына караштуу Кызыл-Кыя шарынын Токтогул көчөсүнүн тургуну, Эргешова Гүлайым Эргешовна кайрылган. Кайрылууда өмүрлүк жолдошу Эргешов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде куткаруучу болуп кызмат өтөп жүрүп, Алмалык шахтасында куткаруу иш-чаларынын жүрүшүндө каза болгондугуна байланыштуу келтирилген зыяндын суммасын эсептеп берүүнү сураган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234 беренеси жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 23 апрель 1993 жылдагы бекитилген №175 токтомунун 10 пунктунда «Жумушчуну эмгек милдетине байланыштуу колдонууда келтирилген мертинүүгө, кесиптик ооруга же башка ден-соолукка келтирилген залакага, келтирилген зыяндын эрежесинин негизи боюнча» индексакция жүргүзүлүшү керек эле, бирок жабырлануучунун үй-бүлөөсүнө 1996 жылдын феврал айынан бери келтирилген зыян үчүн индексация жүргүзүлгөн эмес. Эргешов каза болгон учурда анын карамагында жубайы жана төрт өспүрүм балдары калган.

Жүргүзүлгөн эсептөө иш-чараларына ылайык индексациянын карызы 1996 жылдын феврал айынан тартып 2013 жылдын декабрына чейинки суммасы 127350 сомду түзгөн. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу ОМГСВнын 4-бөлүмүнүн бухгалтериясына түшүндүрмө берилип, Эргешова Гүлайым Эргешовнага индексациянын карызы 127350 сомду бир жолку төлөм менен төлөп берүүсү милдеттендирилди.

Ошондой эле, «Автотрансстрой» Жоопкерчилиги чектелген уюмдун жетекчилиги бир жолку төлөнүүчү төлөм жана ай сайын төлөнүүчү келтирилген зыянды эсептеп берүүнү суранган арыз менен кайрылган. Себеби 20 ноябрь 2012 жылы жол кырсыгынын кесепетинен өлүмгө дуушар болгон топ кырсыгы болуп, «Автотрансстрой» ЖЧУнун кызматкерлери Өмүркожоев Эркин Аскарбекович жана Сагалиева Асел Тыналиевналар каза болушкан.

Өмүркожоев Э.А. каза болгон учурда артында анын багуусунда болгон жубайы жана үч кичинекей жаш өспүрүм балдары калган. Жүргүзүлгөн иш чаранын негизинде маркум Өмүркожоевдин үй-бүлөөсүнө бир жолку төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасы 785400 сом болсо, ай сайын төлөнүүчү келтирилген зыяндын төлөмү 5236 сом болуп, «Автотрансстрой» ЖЧУнун жетекчилигине КР Эмгек Кодексинин 264 беренесине ылайык каралган төлөмдөрдү кечиктирилбей төлөп берүүсү милдеттендирилди.

Ал эми «Автотрансстрой» ЖЧУнун экинчи кызматкери Сагалиеванын артында багууда калган атасы Сагалив Тынаалы ден-соолугуна байланыштуу пенсияда болгондуктан, кызынын тапкан каражатына көз каранды жана бир гана каржы булагы болгон.

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 264 беренесинин негизинде Сагалиеванын өлүмүнө байланыштуу атасы Сагалиевге 591000 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөк пулду жана ай сайын төлөнүүчү келтирилген зыяндын төлөмү 2462 сомду «Автотрансстрой» ЖЧУнун жетекчилигине каралган төлөмдөр кечиктирилбей төлөнүп берүүсү жүктөлүп жана өз убагында төлөнүп берилди.

Уралиева Кенжекан Келгенбаевна, бизге жазган кайрылуу катында мындайча баяндайт, Иссык-Көл курорт-рекрациялык аймагынын мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүрүп, эмгектик мертинүүгө учурап анын кесепетинен экинчи группадагы майып жана 70 пайыздагы кесипттик эмгекке жарамсыздыгына дуушар болгон. Териштирүү иш-чараларынын натыйжасында эсептөө жүргүзүлүп, Уралиевага 407421 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөк пулду жана ай сайын төлөнүүчү 4756 сом келтирилген зыянды КР Эмгек Кодексинин 264 беренесинин  негизинде жабырлануучунун мурдагы иштеген мекеме жетекчилигине кечиктирилбей төлөп берүү талабы менен түшүндүрмө берилди.  

Дагы бир арыз ээси Никушкин Александр Николаевичке төмөнкүчө жардам көрсөтүлдү. Ал 2013 жыл 18 октябрында «Каинда-Кант» АКУда мезгилге жараша убактылуу слесарь болуп иштеп жүрүп өндүрүштүк кырсыкка кабылып, анын кесепетинен үчүнчү группадагы майып жана кесиптик эмгекке жарамдулук мүмкүнчүлүгүн 60 пайызга жоготкон. Жүргүзүлгөн эсептөө иш-чараларынын негизинде Никушкинге 606492 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөк пулду бир маалда төлөп берүүсү жана ай сайын төлөнүүчү 10108 сом келтирилген зыяндын суммасын төлөп берүү талабы  «Каинда –Кант» АКУ жетекчилигине жөнөтүлдү.

Андан сырткары КР өкмөтүнүн №727 токтомунун 3.1 пунктунда «Убактылуу жумушка жарамсыздыгына жөлөк пул менен камсыздандыруу Жобосун тартипке келтирүү жөнүндөгү…» негизинде Никушкинге убактылуу жумушка жарамсыздыгына байланыштуу жөлөк пул 100 пайыздык орточо айлык акы же 16847 сом менен төлөнүп берилиши керек эле, башкача айтканда 2013 жылдын 18 октябрынан баштап 2014 жылдын 3мартына чейин. Убактылуу жумушка жарамсыздык жөлөк пулдун төлөмү жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде 67388 сомду түзүп аны «Каинда –Кант» АКУ жетекчилиги кечиктирилгис убакыттын ичинде мыйзамдын коюулган чегинде төлөп берүүсү зарыл жана милдеттүү экени билдирилди.

Ошондой эле КПФ ЭТИнин көзөмөлү аркылуу жабырлануучу Никушкинге протез койдурулуп жана оорудан айыкканына байланыштуу жеңил жумушка орнотулуп, мыйзамда каралган төлөмдөрдү төлөп берүү маселелерин ишке ашырды.

Жогоруда келтирилген көйгөйлүү маселелер боюнча кайрылган жарандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.  Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын эмгек техникалык инспекциясынын бирден-бир маанилүү чөйрөсү, эмгекти коргоодо нормалык укукту сактоо жана баардык багытты коопсуздукка, ден-соолукка, өмүргө жана адам баласынын кандай гана чөйрөдө ишмердүүлүгүн жүргүзбөсүн, сак-саламатта болушуна мүмкүн болушунча шарт түзүүгө аракет жасап келүүдө.